СОЦПЕДАГОГДОРДУН ОБЛУСТУК СЕМИНАРЫ

  • 30.01.2026
  • 0

28-29-январда Чүй облустук билим берүү уюмдарынын социалдык педагогдору, директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери катышкан “Социалдык педагогдордун функционалдык милдеттери жана ишмердүүлүгү” аттуу облустук семинар өттү. Аны Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмү уюштурду.

Семинардын максаты – билим берүү мекеме-уюмдарында эмгектенген социалдык педагогдордун функционалдык милдеттерин, алардын  ишмердүүлүгүн аныктоо, балдарды коргоо боюнча иш аракеттерине багыт берүү. Анда социалдык педагогдордун укуктары, милдеттери жана алардын ишмердүүлүгү, ошол эле учурда профессионалдуулугун жакшыртуу тууралуу маселелер ортого салынып, практикалык иштер жана суроо-жооп иретинде талкуулар жүргүзүлдү. Катышуучулар балдарды коргоо боюнча эксперт Н.И.Джакубова, Чүй ОУБББнүн башчысынын орун басары К.М.Абдраева менен биргеликте “Социалдык педагогиканын маңызы эмнеде?” деген суроону талкуулашты. Кызуу талкуулардан кийин ушул теманын айланасында сунуштар айтылып, семинар-тренинг өз ишин жыйынтыктады.

Семинардын соңунда Чүй облусунун усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р.К.Султанов эксперт Н.Джакубовага мындан ары да тыгыз кызматташуу сунушун билдирип, Чүй облусунун усулдук билим берүү бөлүмүнүн Ыраазычылык катын тапшырды.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер