ШКУнун ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК ЛАГЕРИНЕ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ
- 06.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жаш окумуштуулары үчүн уюштурулуучу эл аралык лагерге катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганын жарыялады.

Аталган лагерь илимий изилдөөлөргө кызыккан жаштар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат. Катышууга 16–19 жаштагы окуучулар жана бүтүрүүчүлөр чакырылат. Талапкерлер 2026-жылдын июль айына карата 9–12-класстарды аяктаган болушу керек. Ошондой эле алар англис тилин жетиштүү деңгээлде билип, тандаган багыты боюнча академиялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Лагерь академиялык форматта өтүп, жогорку деңгээлдеги изилдөө иштерин камтыйт. Катышуучулар эл аралык командаларда иш алып барып, тажрыйбалуу профессорлор жана менторлордун жетекчилиги алдында өз долбоорлорун ишке ашырышат. Бул өз кезегинде жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана эл аралык тажрыйба топтоосуна шарт түзөт.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлер https://researchcamp.org/ сайтындагы форма аркылуу бир катар документтерди тапшырышы керек. Алардын катарына англис тилинде жазылган эки эссе (ар бири 200–300 сөз), мектептен тышкаркы жетишкендиктер тууралуу маалымат, англис тилинде берилген суроого 60 секунддук видео-жооп, ошондой эле учурдагы жана өткөн окуу жылдары боюнча баалардын табели кирет.
Катышуучулар төмөнкү беш изилдөө багытынын бирин тандай алышат: биомедицина (бактериялардын антибиотиктерге туруктуулугун изилдөө), экологиялык химия (сууну тазалоо үчүн сорбенттерди иштеп чыгуу), кайра жаралуучу энергетика (шамал генераторлорунун канаттарын тестирлөө), суу робототехникасы (Ысык-Көлдү изилдөө үчүн сонардык кайыктарды түзүү), ошондой эле астрофизика жана маалыматтарды талдоо (нейротармактар аркылуу жаңы планеталарды издөө).
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2026-жылдын 22-апрелине чейин, саат 23:59га чейин жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, бул эл аралык лагерь Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулуп жатат. Долбоор өткөн жылы ийгиликтүү өткөрүлгөн “Жаш изилдөөчүлөр лагери” демилгесинин уландысы болуп саналат.
Быйылкы лагерге ШКУга мүчө 10 мамлекеттен — Кыргызстан, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларусь өлкөлөрүнөн катышуучулар чогулат.
Иш-чара 2026-жылдын 5–20-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик мектебинин базасында өтөт. Эки жумага созулган интенсивдүү программага жалпысынан 100 окуучу катышып, эл аралык деңгээлдеги билим жана тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер