ШАЙЛООДО АГАРТУУ ТАРМАГЫНАН АЛДЫГА ОЗГОНДОР

  • 01.12.2025
  • 0

Өлкөбүздө кечээ, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп,  Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала чыгарган жыйынтыктарын жарыялады. Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 294 миң 243 жаранды түздү. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси, мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет жакта, 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси ачылган.  

Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо 30 округдан  жеңишке жетишкен жоон топ талапкерлердин арасында агартуу тармагынын да өкүлдөрү  бар экени бизди кубандырды. Төмөндө шайлоонун алдын ала жыйынтыгында көп добуш алган агартуунун азаматтары  тууралуу кыскача маалымат беребиз.  

Токтобүбү Ашымбаева. Кесиби мугалим. Көп жылдар бою мектепте мугалим, директор болуп иштеген. Эки ирет билим берүү министринин орун басары болгон. Акыркы мезгилде Ишеналы Арабаев атындагы университеттин алдындагы Педагогикалык коллеждин директору кызматында иштеген.

Гүлай Машрапова. Кесиби мугалим. Ош облустук, Ош шаардык жана Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыктарын жетектеп жүргөн.

Гүлкан Молдобекова. Талас облусунда туулуп-өскөн. Кыргыз Улуттук университетин бүтүргөн. 2015-жылы Кыргызстан Социал-демократтар партиясынан депутат болуп шайланганга чейин ар кыл окуу жайларда мугалим болуп иштеген.

Камила Талиева. Кесиби- филолог. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына “Ар-Намыс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган.  Кезинде вице-премьер-министр, Маданият министри кызматтарын аркалаганы коомчулукка белгилүү.

Гүлсүнкан Жунушалиева. Кесиби боюнча философ-окумуштуу. Эмгек жолун Караколдогу Ысык-Көл мамлекеттик университетинде баштаган. Кыргыз медициналык академиясында окутуучу да болгон. Соңку төрт жыл аталган академиянын проректору болуп иштеген.

Салтанат Аманова. Кесиби — мугалим. Ош шаарындагы бир катар окуу жайларда, ОшМУда катардагы окутуучудан тартып, жооптуу кызматтарга чейин иштеген. Кыргыз-түрк достугу мектебин жетектеген.

Ыргал Кадыралиева. Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин жана аталган университеттин аспирантурасын аяктаган. Мектепте мугалим, Ош облустук элге билим берүү башкармасында башкы адис, ошондой эле мектеп-гимназияда мугалим болуп иштеген. Кийин   башка тармактарда  иштеп келгени менен агартуу тармагынан чыккан мыкты адис.

Жаныбек Аматов. Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтун бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында  да билим алган. Кызыл-Кыя балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде самбо боюнча машыктыруучу болуп иштеген. Самбо боюнча эмгек сиңирген спорт чебери. Спорт жагында машыктыруучу болсо да агартуу тармагына тийешеси бар.

Гүлжан Сатиева Кесиби-мугалим. 1981-жылы Москва районунун Ак-Суу айылында төрөлгөн. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин чет тилдер факультетин   аяктаган.  Көп жылдар  бою Тилекмат орто мектебинде мугалим болуп иштеген. Айылдык кенешке да депутат болгон.

    

Бөлүшүү

Комментарийлер