“ШАР ОКУУ” СЕМИНАР-ТРЕНИНГИ
- 26.03.2025
- 0
Панфилов районундагы Октябрь жана Чалдовар орто мектебинде билим алган колдоого муктаж көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары жана ата-энелери мигрант балдар “Шар окуу” семинар тренингге катышты.
Семинарды райондук билим берүү бөлүмү “Волд-Шэйо-Келечек” окуу билим берүү борбору менен биргеликте балдардын жазгы каникулун пайдалуу өткөрүү максатында уюштурду. Аны Т.Эрматов атындагы орто кесиптик билим берүү колледжинин улуттук тренерлери Куштарбек кызы Элизат жана М.Асанова өттү.
Балдар ар кандай оюндар аркылуу тексттерди окуп, окуу техникасын туура өнүктүрүү, гимнастикалар аркылуу көздүн көрүүсүн жакшыртуу ж.б. ыкмаларды колдонуу менен аябай кызыктуу болду.
Анын соңунда “Волд-Шэйо” корпорациясы балдарга белектерди тапшырды.
Мыскал АЛЫМБАЕВА,
Панфилов району
Комментарийлер