ШАХМАТ ЖАНА МЕКТЕП: АКЫЛДЫН АЧКЫЧЫ
- 17.07.2025
- 0
Мындан он төрт жыл мурда Жогорку Кеңештин депутаттары мектеп программасына шахматты киргизүүнү сунуштаган. Ошондон бери бул демилге ишке ашпай ара жолдо калып келүүдө. Азербайжан, Армения, Грузия, Венгрия, Индия өлкөлөрүндө башталгыч класстарда шахмат сабактары өткөрүлөт.
ДЕПУТАТТЫН ДЕМИЛГЕСИ
-Мектеп программасына шахмат киргизүү керек. Бул оюн балдардын акыл-эсин өнүктүрөт. Арменияда, Азербайжанда, Грузияда жана Орусиянын Калмыкиясында мектеп программасына шахматты киргизгенден кийин окуучулардын жетишкендиги 40 пайызга өскөн. Физика жана математика боюнча жетишкендиктерге шахмат өбөлгө болгон. Буга көп акча да керектелбейт,- дейт 14 жыл мурда демилге көтөргөн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Депутаттын айтымында, өлкөдө дене тарбияга көңүл бурулуп жатканы менен адамдын интеллектуалдык өнүгүүсүнө маани берилбей келет. Мыйзам долбоорунда 20-июлду шахмат күнү деп белгилөө, мектеп программасына шахмат оюнун киргизүү, каржы булактарын издөө да сунушталган. Жогорку Кеңештин депутаттары сунушту жактырып, токтом менен бекитип да беришкен. Бирок бул демилгенин деми сууп, шахмат мектеп программасына кошумча факультативдик сабак же ийрим катары киргизилет деген менен гана чектелип кала берген. 
Ошондой эле Эл аралык шахмат федерациясынын жетекчилиги Кыргызстанда шахмат долбоорлорун ишке ашырууда адистерди даярдоого, усулдук жардам берүүгө убада кылган. Бирок бул дагы алар тарабынан куру убада боюнча аткарылбай келүүдө.
— Кыргызстандын мектеп программасына шахматты киргизүү сунушун Бишкекке болгон сапарында FIDEнин мурдакы президенти Кирсан Илюмжинов мындан 15 жыл мурда айткан. Ошондой эле ал Бишкек шаарына Шахмат ордосун куруп берүүгө да каражат жагынан жардам берүүгө убада кылган. Бирок бул демилге куру убада боюнча аткарылбай калды. Чынында шахмат – бул балдардын аң-сезимин өстүрүп, жаштарды терс көрүнүштөрдөн арылтат. Бул – мектепте рэкетчилик, баңгизат менен күрөшүүнүн бир натыйжалуу жолу. Ошондой эле долбоорду каржылоо — биздин өкмөт чечүүчү маселе эле, -дейт белгилүү устат, FIDE чебери, Тиленбаева шахмат борборунун жетекчиси Бактыгүл Тиленбаева.
Кыргызстандын шахмат федерациясынын экс-президенти Талант Мамытовдун пикиринде, шахмат мектеп программасына киргизилсе, окуучулардын интеллектуалдык деңгээли жогорулап, илим-билимге болгон кызыгуу артмак. Бирок учурда шахматты окутуу боюнча өлкө боюнча кадр маселеси чечилиши кыйынчылык жаратканы айтылып келет. Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясында жана өлкөнүн шахмат федерациясынын алдында атайын курстарды ачуу аркылуу физика, математика сабактарынын мугалимдерин, шахматчыларды кайра даярдоо менен бул кырдаалдан чыгууга болмок.
АЙРЫМ ӨЛКӨЛӨР ШАХМАТ МЕКТЕПТЕ ОКУТУЛАТ
Мисалга Арменияны эле алалы. Бул өлкөдө 2011-жылы 1-сентябрдан тарта башталгыч класстын окуучулары үчүн шахмат сабагы киргизилип, жакшы натыйжасын берип, коомчулук тарабынан колдоого алынган. Өкмөт мектеп балдарынын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү үчүн эле 2012-жылы бюжеттен 480 миң доллар бөлүп берген. Шахмат сабагын мектеп программасына киргизүүнү билим берүү министрлиги ар тараптан колдоп, төрт жылда эле Арменияны “шахматтык ири державасына” айлантууга өбөлгө түзүп, камкордукка алган. Шахмат оюну Арменияда өтө популярдуу болуп, эл аралык мелдештерде окуучулар ийгиликтерге жетип, өлкөнүн бардык аймактарына бул оюнга кызыгуу артты.
Учурда Дүйнөлүк шахмат федерациясынын тизмесиндеги үчүнчү мыкты оюнчунун бири ушул Армения жараны Левон Аронян. Дүйнөнүн тогузунчу чемпиону Тигран Петросяндын теги тбилисилик армян болгонун дагы айта кетели. Аны эбак көзү өтсө дагы армян эли улуттук сыймык катары баалап, барктап, ооздорунан түшүрбөй, жаштарга өрнөк кылып айтып келишет.
Мындан сырткары Венгрияда, Грузияда, Орусиянын Калмыкиясында шахмат мектеп программасына киргизилип, мыкты натыйжаларды берип келатат.
Ошондой эле коңшу Өзбекстанда Шахматты өнүктүрүү программасы бийлик тарабынан колдоого алынуусу, Казакстанда мектептерге шахмат сабагынын киргизиле башташы менен бул эки мамлекетте жаштар арасында кескин өсүштү камсыздап, шахматтын коомдо аброюнун өсүүсүнө алып келүүдө. Натыйжада дүйнөлүк жана Азиялык биринчиликти багындырган жаштар көбөйүп, ылдам ойнолуучу шахмат боюнча эркектер арасында өзбекстандык Нодирбек Абдусаттаров, аялдар арасында казакстандык Бибисара Асаубаева чемпион болушту.
Орусиянын мамлекеттик Думасы бир нече жыл мурда башталгыч класстарга шахмат сабагын киргизүү токтомун токуп беришип, миңдеген мектептерде шахмат сабак катары окутулуп келүүдө.
Кыргыз шахмат союзу бирикмеси шахмат сабагын мектептерге киргизүү демилгесин өлкөбүздүн Агартуу министрлигине сунуштап, жумушчу топ түзүү менен 12 жылдыкка өтүү реформасынын алкагында маселени чечүү мүмкүндүгүн айтып келишет. Ошондой эле окуу программасын дагы жумушчу топ иштеп чыккан. Бирок бул демилге толук колдоого алынбай, министрлик Кыргыз шахмат союзу мектептен тышкаркы мекемелер менен иштешүү сунушун берген.
Шахматтын тарыхы бай
Кыргызстандын шахмат биринчилиги үчүн атайын расмий мелдеш 1933-жылы өткөрүлгөн. Алгачкы чемпиондук наамга бишкектик А.С.Савилев жетишкен.
Кеңеш доорунда Л.Юртаев, Н.Зильберман, Т.Иманалиев, Э.Молдобаев, Б.Канцлер, В.Ильинский жана башкалар чемпион болгон. Кыз-келиндер шахматында Б.Самаганова, И.Острий, Т.Пудкова, С.Сабирова, Б.Тиленбаева, А.Исакова, С.Матвеева, Ж.Тиленбаева сыяктуу мыктылар чыккан.
1992-жылы Манила шаарында (Филиппин) өткөн шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргыз командасы алгач ирет катышып, ошондон бери бир нече олимпиадалык акыл таймашууларына барып, ийгилик жарата албай жүрүшөт.
2010-жылы Кытайдын Гуанжоу шаарында өткөн XVI Азия оюндарынын программасына тарыхта биринчи ирет шахмат оюну да киргизилген. Мында Семетей Төлөгөн тегин, Алгис Шүкүралиев, Насыр Акылбеков жана Александра Самаганова Азия оюндарында өлкө намысын коргогон. Шахматтын чыныгы күйөрманы Съездбек Таштакеевдин уул-кыздары Руслан, Айжан жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азиянын төрт жолку чемпиону, жеңүүчүлөрү аталып, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүрүшөт. Мындан тышкары уулу Алмаз Кыргызстандын алты жолку чемпиону аталса, кызы Назира дагы Кыргызстандын чемпиону болуп, кичүү уулу 7 жаштагы Уланбек өлкө биринчилигинде коло медаль тагынды. Съездбектин 9 баласы тең шахматты мыкты билгендиктен жогорку окуу жайларда жана мектепте дагы алдыңкы студент- окуучулар болуп саналат.
-Биздин негизги максатыбыз шахмат оюнун Кыргызстанда популярдуу кылуу. Ушул максатта жакында эле Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын кабыл алуусунда болуп, шахматты мектептин программасына киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду сунуштадым. Чынында шахматты мектеп программасына киргизүү үчүн атайын система, жабдуулар, методикалык, усулдук тажрыйба жана бул иште алып кетүү үчүн атайын даярдыктан өткөн адистер, машыктыруучулар керек. Ошондуктан улуттук билим берүүнүн жаңы моделине ылайы ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү зарыл. Анан бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн өкмөттүк колдоо керек. Чынында шахмат адамдардын логикалык ойлонуусун өнүктүрөт жана аларды жашоосунда ийгиликтерге жетүүсүнө жардам берет,- дейт “Съездбековдун шахмат мектебинин” негиздөөчүсү Съездбек Таштекеев.
Шахмат – акыл таймашы
Чынында эле учурда биз эң маанилүү этапта турабыз, себеби бүткүл дүйнөдө шахмат үйрөтүүнү мектеп программасына киргизүү жөрөлгөсү абдан күчөдү. Биз да шахматты спорт гана эмес окуу предмети катары өркүндөтүүнү түшүнөр кез келди окшойт.
Шахмат – бул акылдуулукка умтулган таймаш. Акыл таймашындагы эрөөлдө жеңишке жетүү үчүн ар бир кырдаалды анализдеп, өзүңдүн тактикалык жана стратегиялык жөндөмүңдү көрсөтүшүң керек. Ошон үчүн шахматтын ролу адамды илимий-чыгармачылыгын өнүктүрүүдө өтө маанилүү экендигин Толстой, Достоевский, Кадар, Гёте, Стейниц, Цвейг, Неруда өңдүү не деген дөө-шаалар бекеринен айтпаган чыгаар. Себеби тээ байыркы замандан бери адамды өз алдынча ой жүгүртүүгө түртүп, ар бир жүрүштү ийне-жибине чейин талдоого аргасыз кылган шахмат, тогуз коргоолдон башка бир да оюн жок. Ал адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн тарбиялайт.
Тиленбаева шахмат борбору шахматты жайылтууда үй-бүлөлүк тарбиянын маанисин түшүнүү менен, шахматтын үй-бүлөлүк баалуулуктун бирине айлануусуна көмөк катары 20-июль Эл аралык шахмат күнүнө карата үй-бүлө командаларынын ортосунда “Дордой Плаза” соода борбору менен биргеликте 18-19- июлунда республикалык мелдеш өтмөкчү.
Кабыл Макешов,
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер