ШАХМАТ БОРБОРУНУН 10 ЖЫЛДЫК ИЙГИЛИГИ
- 12.11.2025
- 0
5-октябрь күнү Бишкек шаарындагы “Ололо планет” бизнес борборунда Тиленбаеванын балдар шахмат борборунун (ТБШБ) уюшулганына 10 жыл болгонуна байланыштуу салтанаттуу жыйын болду.Салтанаттын ачылышы Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, келген меймандарга борбордун иштөөсү боюнча тартылган видеофильм көргөзүлдү.
Борбордун жетекчиси Б.Тиленбаева салтанатты ачып, жаш жеткинчектердин шахмат боюнча Азия, дүйнө чемпионаттарындагы жана эл аралык турнирлердеги ийгиликтери тууралуу маалымат берди. Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары М.Баймурзаев шахмат борборунун иш-аракеттерин жогору баалап, министрликтин «Кызматташтык үчүн» медалын Бактыгүл Тиленбаевага тапшырды. Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаментинин директору К.Молдажиев дагы эл аралык аренада Тиленбаеванын балдар шахмат борборунун окуучулары өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп, байгелүү орундарды камсыз кылып келатканын баса белгилеп, Азия, дүйнө чемпионаттарынын бир нече чемпиондорун жана жеңүүчүлөрүн тарбияланганы үчүн борбордун негиздөөчүсү, белгилүү устат Бактыгүл Тиленбаевага «Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу» деген ардак наам ыйгарылганын жарыялап, күбөлүгүн салтанаттуу кырдаалда тапшырды.
Ошондой эле шахмат борборунун иш-аракеттери тууралуу “Кут Билим” медиа борборунун жетекчиси К.Чекиров, “Ололо планет” борборунун жетекчиси Д. Аманалиев, ФОМС республикалык жетекчиси А.Муканов, Кыргыз шахмат союзунун аткаруучу директору Эсенбек уулу И., ата-энелердин атынан А.Шатенов менен С.Асанбекова айтып, жеткинчектердин акыл таймаш мелдештериндеги ийгиликтерин, жеңиштерин жогору баалашты.
Шахмат борборунун машыктыруучуларынын атынан Ч.Тиленбаев, эл аралык спорт чеберлери В.Магай менен Н.Хорошев сөз сүйлөшсө, окуучулардын атынан дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Д.Өмүрбекова жана У.Керимов устаттарына ыраазычылыктарын билдирип, белектерин беришти. Жыйында неберелерине шахмат үйрөткөндүктөрү үчүн чоң ата, чоң энелердин атынан А.Шатенов менен Г.Кенжебаева борборго ыраазычылыктарын айтышты. Ошондой эле борбордун атынан белектерди дүйнөлүк жана Азиялык биринчиликтерде байгелүү орундарды ээлешкен жогоруда аты аталган жаш шахматчылардан сырткары Мирлан кызы А., Д.Өмүрбекова, Н.Алыбаков, Р.Бекназаров, А.Жунусбекова, И.Муканов, Н.Токталиев эстелик белектерди алышты. Борборджун тарбиялануучусу Бегимай Жаныбекова эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 2025-жылы кыз-келиндер жана айымдар арасында шахмат боюнча эл аралык спорт чебери, Аймончок Жунусбекова Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) чебери наамдарына ээ болушту.
Тиленбаеванын балдар шахмат борборун негиздегендердин туугандарынын атынан Г.Тиленбаева жана Г.Тиленбаева каалоо-тилектерин билдиришти.
-Республика чемпионаты жүрүп жаткан учурда клубдар менен аймактардын ортосунда турнирдик таблица өткөрүлөт. Биздин шакирттер республикалык биринчиликтерде командалык эсеп боюнча дээрлик 75 пайыз биринчи орунду ээлеп келүүдөю Борбордо машыктыруучулардын сегиз негизги тобу жана төрт сааттык машыгууларды өткөргөн устаттар иштейт. Учурда биздин борбордо 350дөн ашуун бала шахмат менен машыгып, окуп, үйрөнүп билим алышат. Он алты окуучубуз Иран, Индия, Шри-Ланка, Греция, Сингапур, Өзбекстан, Филиппин, Мальдив аралдары, БАЭ, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө өткөн Азия чемпионаттарында жалпысынан 46 медалга ээ болушту,-дейт борбордун машыктыруучусу, ардагер шахматчылар арасында дүйнө чемпиону, билим берүүнүн мыктысы Чолпонбек Тиленбаев.
— Биз үч жаштан тарта балдарды кабыл алабыз. Шахмат — бул акылдуулукка умтулган интеллектердин таймашы. Акыл таймашында жеңишке жетүү үчүн мелдешке катышкан окуучу ар бир кырдаалды анализдеп, өзүнүн тактикалык жана стратегиялык жөндөмүн көрсөтө билиши керек. Негизи эле шахмат оюну байыркы замандан бери адамды өз алдынча ой жүгүртүүгө, ар бир жүрүштү ийне-жибине чейин талдоого ойлондурат. Ал адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн тарбиялайт, балдардын аң-сезимин өстүрүп, терс көрүнүштөрдөн арылтат. Керек болсо, мектептеги рэкетчилик, зордук зомбулук менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдордун бири десем жаңылышпайм, — дейт борбордун негиздөөчүсү, ФИДЕ чебери, Азиянын мыкты машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бактыгүл Тиленбаева.
2014-жылы борборду ачуу үчүн шахмат боюнча Азия чемпионаттарынын ондогон жеңүүчүлөрүн тарбиялаган, көп жылдардан бери машыктыруучу болуп иштеген спорт фанаты Бактыгүл Тиленбаева тобокелге барып, жашаган квартирасын сатып, ага кошумча банктан кылып кредитке акча алып, өзүнчө эки кабат там сатып алып, шахмат борборун негиздеген. Ичин балдарга шахмат үйрөтүүгө ылайыкташтырып эмеректер, шахмат сааттары, шахмат фигуралары, демонстрациялык такталар, компьютердик жабдуулар, телевизор, проектор жана башка заманбап техникалар менен жабдыган. Ал эми шахматка кызыккан балдар арбын болгондуктан 2018-жылы борборду кеңештип, жетинчи кичирайондо, 2023-жылы Асанбай кичи райондо борбордун филиалдар ачылып иштей башташкан. Машыктыруучулар болуп атайын даярдыктан өтүшкөн адамдар менен бирге чет элдик гроссмейстер Сархан Гулиев жана эл аралык спорт чебери Никита Хорошев иштеп, акыл таймашуунун сырларын балдарга үйрөтүшкөн. 10 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктылары”Ч.Тиленбаев жана Ж.Тиленбаева, ФИДЕ калыстары К.Касаболотов жана А.Керимжанов, эл аралык спорт чебери В.Магай, спорт чеберлер Н.Жээнбеков жана Ж.Алыбаев, спорт чеберлигине талапкерлер жана биринчи разрядчы шахматчылар Ш.Момуналиева, А.Майрамбекова, К.Кудрет, Д.Цай, Н.Сайтмамат уулу, У.Кубанычбеков жана башкалар иштешкен. Айрымдары учурда дагы иштешүүдө. Натыйжада борбордун 16 окуучусу дүйнөлүк жана Азия биринчиликтеринде түрдүү даражадагы 46 медаль утушуп, Кыргызстандын намысын ийгиликтүү коргоп келишти. Анын ичинде, Э.Орозбаев, Б.Жаныбекова, Э.Шаршенбеков, Н.Юнусов алтын медалдарды тагынып, чеберчиликтери жогору бааланган. Борбордун негиздөөчүсү Бактыгүл Тиленбаева Эл аралык шахмат федерациясынын чечими менен 2022-жылы “ Азиянын эң мыкты шахмат машыктыруучу айымы” болуп таанылган.
Соңку жылдары Тиленбаева шахмат борборунун балдары ар кандай чемпионаттарга катышып, байгелүү орундарды багындырып жаткандары өтө эле көп. Айта берсе узун тизме болчудай.
Спорт адистердин да айтуусуна караганда, шахматты спорт гана эмес окуу предмети катары өркүндөтүү зарыл. Себеп дегенде көп окуучулар телефондон, интернеттен башы чыкпай, таалим-тарбияга терс таасир берген оюндар менен алектенишет. Ошондуктан мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде, ушундай шахмат борборлорунда да шахматка балдарды тартууда өзгөчө маани бурула баштаганы жакшы саамалык.
«Кут Билим» медиа борбору дагы Тиленбаева шахмат борборунун 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, өлкөбүздү дүйнөгө, Азияга тааныткан жеткинчектерди тарбиялай беришине тилектеш.
Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы
Комментарийлер