Бишкекте дагы 30 мектепте жети жарымда сабак башталат

  • 26.07.2024
  • 0

Бишкекте жаңы окуу жылынан тарта дагы 30 мектепте сабактар саат 7:30да башталат. Бул тууралуу токтом кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, учурда борбордогу 103 мектепте 198 миң 129 бала окуйт. Анын ичинен 7 миң 842 бала Чүйдүн жакынкы райондорунан келишет.

Буга чейин 14 муниципалдык мектепте окуу эртең мененки саат 7:30да башталчу: № 69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67. Быйылкы окуу жылынан тарта ага төмөнкү мектептер кошулду:

6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, Лебединовкадагы №1 гимназия-мектеби.

Мэрия, мындан тышкары, ата-энелерге автоунааларды мектептердин жанына токтотууга тыюу салынарын, эреже бузгандарга айып пул салынып, эвакуатор алып кетерин эскертти.

Эскерте кетсек, шаар бийлиги тыгындарды азайтуу максатында мектептерде саат 8:00гө чейин, ал эми училищелерде жана университеттерде саат 10дон кийин окууну баштоо сунушталган.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер