СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

  • 10.07.2024
  • 0

 28-июнда Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү селден беш мугалим жабыркаган.

СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мугалимдерге  Ош облустук билим берүү кызматкерлеринин кесип бирлиги тарабынан 50 миң сом, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесип бирлиги тарабынан 25 миң сом акча каражаты, ар бир мугалимге Жалал-Абад санаториясына 10 күндүк жолдомо жана райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен райондогу кесиптештеринен 170 миң сом чогултулуп берилип,  жалпы суммасы 245 миң сомду түздү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер