САЯКАТ АЯКТАДЫ. УЛУУ КӨЧ УЛАНАТ!

  • 30.05.2020
  • 0

САЯКАТ АЯКТАДЫ. УЛУУ КӨЧ УЛАНАТ!

Кымбаттуу достор,

Ошентип, биздин өлкөбүздүн 7 облусу боюнча виртуалдуу саякатыбыз аяктады!

Эми силер ар бир аймактын эӊ башкы өзгөчөлүктөрү жөнүндө көбүрөөк билесиӊер деп ишенебиз!

Биздин видео роликтерди көргөндөн кийин ар бириӊер өзүңөрдүн үй-бүлөңөр, досторуңар же классташтарыңар менен ушул жана башка кооз жерлерге баргыңар келет деп үмүттөнөбүз.

Биздин китепти окуп берген өнөр адамдары жарыялаган конкурска катышууну унутпагыла. Анын шарттары жөнүндө ар бир видео роликтин аягында толук маалымат бар. Жыйынтыгы 2020-жылдын 30-августунда чыгат!

Биздин саякат “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан Кристенсен фондунун колдоосу менен чыгарылган «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» (орус тилинде — «Изучаем наш Кыргызстан») китебинин негизинде жүзөгө ашырылды.

Китепти чыгарууда чоң команда иштеди:

Идеясын сунуштап, демилге көтөргөн – Kлара Исак кызы, китептин автору жана котормочусу — А.Капалова, сүрөтчүсү — С.Марченко, дизайнери — К.Юсупова, редакторлору — А.Чымырбаев (кыргыз тилинде) жана Т.Кузьмина (орус тилинде), илимий кеңешчиси — Г. Курманова, жасалгачысы — АЯН Design.

Фотосүрөттөрдү тарткандар: А.Абылов, А.Федоров, А.Жоробеков, А.Карсымбек, А.Капалова, В.Колченко, В.Ушаков, К.Юсупова, К.Исак кызы, М.Фоггин, М.Дудин, С.Марченко, Т.Зейналова.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыяланганын эске алуу менен биз карантин учурунда (COVID-19) жогоруда аталган китептердин негизинде видеороликтерди даярдоону чечтик. Бул иште кайдыгер эмес инсандар көмөк көрсөтүштү. Биз бул замандаштарга алкыш айтабыз:

китепти окуп берген өнөр адамдарына — У.Борченовго, К.Кубанычбековго, А.Шерге, Н.Айтбековага, Э.Рыскулбековго, У.Сапаровго, Э.Нурбаевге, Нэнага, А.Камчиевге, А.Волкодавга, А.Курмановага, С.Дөөлөтбаковго жана Ю.Руцкаяга;

— бизге керектүү сүрөттөрдү бергендиги үчүн ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясына жана автордук сүрөттөрү үчүн И. Нурманбетовго;

— видеолорду чыгармачылык менен даярдап, мыкты монтаждагандыгы үчүн CompAct тобуна!

 

Кыргызстан тууралуу тартылган бул видеороликтер бала бакчаларда жана мектептерде пайдалуу маалымат катары колдонулат. Ошондой эле үй-бүлөнү бекемдөөгө, жаратылышка карата камкор мамиленин чыңдалуусуна жана ички туризмдин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, көптөгөн көрүүчүлөрдү / окурмандарды, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин балдарын кызыктыра алат деп ишенебиз!

Көӊүл буруп, колдоо көрсөткөн тилектештердин баарына тереӊ ыраазылык билдиребиз!

Мекениңди тааны, сүй жана сакта!

Баарыӊыздарды урматтап,

К. Исак кызы, Н.Жээмбаева, А.Яхнова, А.Узбекова

Биздин виртуалдуу саякатты кыргыз тилинде төмөнкү шилтемелер аркылуу көрсөңүз болот:

 

«Кыргызстаныбызды кыдырабыз»: Саякатка даярдануу.

«Кыргызстаныбызды кыдырабыз»: Баткен облусу

«Кыргызстаныбызды кыдырабыз»: Ош облусу

«Кыргызстаныбызды кыдырабыз»: Жалал-Абад облусу

«Кыргызстаныбызды кыдырабыз»: Ысык-Көл облусу

«Кыргызстаныбызды кыдырабыз»: Нарын облусу

«Кыргызстаныбызды кыдырабыз»: Чуй облусу

«Кыргызстаныбызды кыдырабыз»: Талас облусу

«Кыргызстаныбызды кыдырабыз»: Бишкек

Биздин виртуалдуу саякатты орус тилинде төмөнкү шилтемелер аркылуу көрсөңөр болот:

 

«Изучаем наш Кыргызстан»: Собираемся в путешествие

«Изучаем наш Кыргызстан»: Баткенская область

«Изучаем наш Кыргызстан»: Ошская область

«Изучаем наш Кыргызстан»: Джалал-Абадская область

«Изучаем наш Кыргызстан»: Иссык-Кульская область

«Изучаем наш Кыргызстан»: Нарынская область

«Изучаем наш Кыргызстан»: Чуйская область

«Изучаем наш Кыргызстан»: Таласская область

«Изучаем наш Кыргызстан»: Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер