САПАТТУУ БИЛИМ РЕСУРСТАРЫНА КЕҢИРИ ЖОЛ АЧКАН АЛГАЧКЫ ТАЖРЫЙБА

  • 17.11.2025
  • 0

Ош шаарындагы № 11 В.В.Терешкова атындагы жатак-мектеби менен «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси өз ара кызматташуу жана өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюшту.

САПАТТУУ БИЛИМ РЕСУРСТАРЫНА КЕҢИРИ ЖОЛ АЧКАН АЛГАЧКЫ ТАЖРЫЙБА

САПАТТУУ БИЛИМ РЕСУРСТАРЫНА КЕҢИРИ ЖОЛ АЧКАН АЛГАЧКЫ ТАЖРЫЙБА

Маалыматка таянсак, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин директору Хүснү Биржан жана Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова атындагы жатак-мектебинин директору Зуура Ысмайылова билим берүү тармагында өз ара кызматташуу жана өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюшту.

САПАТТУУ БИЛИМ РЕСУРСТАРЫНА КЕҢИРИ ЖОЛ АЧКАН АЛГАЧКЫ ТАЖРЫЙБА

САПАТТУУ БИЛИМ РЕСУРСТАРЫНА КЕҢИРИ ЖОЛ АЧКАН АЛГАЧКЫ ТАЖРЫЙБА

САПАТТУУ БИЛИМ РЕСУРСТАРЫНА КЕҢИРИ ЖОЛ АЧКАН АЛГАЧКЫ ТАЖРЫЙБА

— Бул кызматташтыктын алкагында окуучулар үчүн жаңы билим берүү долбоорлору, олимпиадалар, дебаттар, тилдик жана маданий иш-чаралар уюштурулат. Негизги максат – окуучулардын ой жүгүртүүсүн кеңейтүү, талантын өнүктүрүү жана чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн ачуу. Ошондой эле келишим мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө, окутуудагы заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт. Кызматташтыктын алкагында алгачкы кадам катары мектептин 15 окуучусу Бишкек шаарындагы «Сапат» мекемесинин олимпиадага даярдоо борборунда окуп келишти. Алар үчүн уюштурулган интенсивдүү окуу модулдары предметтик билимди тереңдетүүгө жана республикалык, эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга туруктуу даярдык көрүүгө багытталган. Муну менен катар аталган мекеменин академиялык багытына жооптуу Рахми Орал жатак-мектептин педагогикалык жамаатына жаңы усулдар боюнча алгачкы семинарын өтүп берди. Бул саамалык мектептен тышкаркы сапаттуу билим ресурстарына кеңири жол ачкан алгачкы маанилүү тажрыйба болду, — дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Тынчтыкбек Досмуратов.

САПАТТУУ БИЛИМ РЕСУРСТАРЫНА КЕҢИРИ ЖОЛ АЧКАН АЛГАЧКЫ ТАЖРЫЙБА

 

САПАТТУУ БИЛИМ РЕСУРСТАРЫНА КЕҢИРИ ЖОЛ АЧКАН АЛГАЧКЫ ТАЖРЫЙБА

Ошондой эле «Сапат» мекемеси тарабынан төрт тилде уюштурулган дебат турниринде аталган мектептин окуучулары да активдүү катышты. Бул иш-чара окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, сүйлөө маданиятын, коомдук позициясын иштеп чыгууга өбөлгө түзүп, алардын лидерлик дараметин чыңдоого жардам берди. Дебатка катышкан балдардын демилгелүүлүгү жана үч тилдеги даярдыгы калыстар тарабынан да оң бааланды.

— Аталган жатак-мектеп менен «Сапат» мекемесинин биргелешкен аракеттери жакынкы убактарда дагы кеңейип, мектеп мугалимдерине, окуучуларына ар тараптуу өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаары күтүлүүдө. Бул өнөктөштүк шаардык билим берүү системасынын өнүгүүсүнө кошумча импульс берип, мектептердин тышкы билим берүү институттары менен иштөө маданиятын да бекемдөөдө, — дейт жетекчи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер