САНЖЫРА – УЛУТТУН УЛУУ МУРАСЫ
- 19.03.2026
- 0
Кыргыз Республикасы эгемендик алган күндөн тартып калктын табигый өсүшү болжол менен 7млн.400 миңге жетип калдык. Дүйнө эли суктанаарлык бейиштин төрүндөй болгон жаратылышы кооз жерибиз, абасы таза, асман мелжиген Ала-Тообуз, анын койнунан агып чыккан мөлтүр көк кашка сууларыбыз, флора, фаунабыз, Жер планетасынын көзүндөй болгон берметибиз- Ысык-Көлүбүз жана ушул мамлекетибизде жашап өткөн ата- бабаларыбыздын баскан жолу, куруп кеткен мамлекети ар бир Кыргыз жаранынын сыймыгы десем жаңылбасмын. Улуу муундун жолун улап, мамлекеттин көз карандысыз, эгемендигин туу тутуп, мамлекетибизди дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу максатын көздөгөн Садыр Нургожоевичтин « Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик» Уңгу жолу учурдун талабы деп түшүнөм. Уңгу жолдун негизги багыттарынын сап башында: Таалим- тарбия, илим, билим жана маданият турат. Жарандардын нарк талабына ылайык таалим -тарбия, заманбап илим- билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу, өнөр- кесип үйрөнүүсү үчүн үй- бүлө жана мамлекет бирдей кам көрүүсү милдеттүү экени белгиленген.
Санжыра – улуттун улуу мурасы, келечекке жол
Бүгүнкү күндө мамлекетибизде улуттук баалуулуктарды сактоо, жаш муунга туура тарбия берүү маселеси башкы багыттардын бири болуп саналат. Садыр Жапаров сунуштаган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу дал ушул максаттарды ишке ашырууга багытталган. Анда таалим-тарбия, илим-билим жана маданият коомдун өнүгүүсүнүн негизи катары каралат.
Ушул багытта Токтогул Сатылганов атындагы Ысык-Көл облустук зээндүү балдардын жатак-мектеби да өзүнүн салымын кошуп келет. Жакында билим берүү мекемесинде “Санжыра – улуу мурас, улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик!” деген ураандын алдында “Санжыра – улуу мурас” аттуу тарыхчылардын декадасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын тарыхый эс тутумун чыңдоо, ата-бабалардан калган санжыралык мурастарды жайылтуу жана улуттук аң-сезимди калыптандыруу болду. Декаданын алкагында бардык класстар активдүү катышып, чыгармачылык жана изилдөө иштерин жүргүзүштү.
Айрыкча төмөнкү класстардын окуучулары “Мен жашаган жердеги уруулар”, “Уруулардын эн тамгалары жана алардын мааниси”, “Элимдин уруу дарагы” темаларында кызыктуу иштерди сунушташты. Алар кыргыз урууларынын тарыхын, өз ара байланышын, белгилүү инсандарын изилдеп, презентациялар аркылуу тааныштырышты.
Жогорку класстардын окуучулары үчүн да мазмундуу иш-чаралар уюштурулду. 9–10-класстар арасында викторина өткөрүлүп, окуучулар өз билимдерин сынашты. Ал эми 11-класстын окуучулары “Санжыраны билүү милдетпи же эркин тандообу?” деген темада дебат уюштурушуп, өз ойлорун эркин билдиришти.
Декаданын алкагында Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучулары жана Жети-Өгүз районундагы тарых-санжыра музейинин кызматкерлери менен жолугушуу өттү. Коноктор санжыранын тарыхый мааниси, архивдик материалдардын баалуулугу тууралуу кенен маалымат беришти.
Иш-чаранын маданий бөлүгү да өзгөчө таасир калтырды. Окуучулар күү чертип, ырдап, чакан театралдык көрүнүштөрдү тартуулашты. Манасчы тарабынан Манас эпосунан үзүндү айтылып, улуттук рухту көтөргөн маанай тартууланды.
Жыйынтыгында, санжыра – бул жөн гана тарых эмес, улуттун руханий өзөгү, келечекке багыт берген күч экени баса белгиленди. Өз тамырын билген эл гана дүйнө менен тең ата сүйлөшө алат. Ошондуктан улуттук мурастарды сактоо жана өнүктүрүү ар бир жарандын ыйык милдети бойдон калууда.



Комментарийлер