САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР САБАКТА
- 27.02.2026
- 0
2026-жылдын 26-февралында Аксы районундагы Шаки Тойматов атындагы №7 жалпы орто билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн «Кыргыз тили жана адабияты сабактарын окутуунун инновациялык ыкмалары» деген темада аймактык семинар болуп өттү.

Семинарга М.Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулдук кабинеттин усулчулары У.Жанузакова, Ч.Бекташова жана мектептерден келген 42 мугалим катышып, сабак өтүүнүн ар кыл ыкмаларын камтыган сабактарды жана адабий-музыкалык иш-чараны көрүштү. Атайын уюштурулган көргөзмө менен таанышып, ага жогорку баа беришти. Семинардын соңунда кызуу талкуу уюштурулуп, мыкты усулдар, өзгөчөлүктөр белгиленип, сунуштар да айтылды. Семинардын катышуучулары эң жакшы сабактарды өтүп беришкен И.Ормонкулова, К.Узенбаев, В.Амиракулова, Ж.Пазылова, Ж.Нуралы кызы өңдүү мугалимдерге жана мектеп жамаатына, жетекчилигине өз ыраазычылыгын билдиришти. Ошентип, бул күнү мугалимдер усулдук казынасын байытып, ыраазы болуп кайтышты.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району
Комментарийлер