САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ — ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ

  • 24.08.2020
  • 0

Өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу билим берүү кызматкерлеринин «Санариптик билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы» аттуу кеңешмеси онлайн түрдө өтүп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 21-августтагы брифингде айтты.

Анын айтымында, учурда райондордо август педагогикалык кеңешмелери өткөрүлүп жатат.

— Облустук август кеңешмелери 24-августтан 27-августка чейин онлайн түрдө өткөрүлөт. Ал эми жыйынтыктоочу республикалык август кеңешмеси 28-августта өтөт, — деди Н.Джусупбекова.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер