Санариптештирүү жана жашыл университет
- 29.07.2024
- 0
22-июлдан 30-июлга чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин өкүлдөрү Европа союзу тарабынан уюштурулган “Эразмус» Erasmus plus EU4KG долбоорунун алкагында «Санариптик жана жашыл университеттерди трансформациялоо” аталышындагы тренингге катышууда.
Бул дол
боорго Кыргызстан боюнча 12 жогорку окуу жайы жана EU Delegation in Kyrgystan Вильнюс (Литва) жана Гамбургдан (Германия) келген профессорлор катышууда.
Тренингдин алкагында катышуучулар жашыл технологияларды жана санариптештирүүнү колдонуунун мыкты тажрыйбалары менен таанышып, алган билимдерин жана көндүмдөрүн өз ишмердүүлүгүндө колдонуу боюнча аракет планын иштеп чыгышат.
Бул КМУ үчүн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө салым кошуу, чыныгы жашыл университетке айлануу жана Кыргызстандагы билим берүүнү санариптештирүү боюнча лидер болуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Тренинг Чолпон-Ата шаарында “Акун” пансионатында өтүүдө.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер