САНАРИП ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА АДАМ КАПИТАЛЫ: КЕЛЕЧЕГИ ЖАНА ЗАМАН ЧАКЫРЫКТАРЫ
- 12.11.2025
- 0
Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас шаары) үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында VI Токтомаматов окуулары алкагында “Санариптик өзгөрүүлөр жана адам капиталы: келечеги жана заман чакырыктары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Эл аралык конференцияга Америка Кошмо Штаттарынан, Россия Федерациясынан, Япониядан, Түркиядан, Германиядан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Чехиядан чакырылган илимпоздор, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Ардактуу меймандар тизмесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов жана бир катар жогорку окуу жайлардын ректорлору, республикалык, аймактык уюм-мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү болду.
Учурда санариптештирүүгө олуттуу көңүл бурулуп, муну менен бирге, көңүл чордонунда адам капиталы да орчундуу маселелерден болууда. Ушул себептер менен аталган конференцияда санариптештирүү, ага байланыштуу жараяндар, адам капиталы маселелери каралды. Конференцияда айтылган ойлор, сунуштар илимий жактан, тажрыйба алмашуу жагынан мазмундуулугу, орчундуулугу менен келечектеги көйгөйлөрдү чечүүгө, заман чакырыктарына жооп берүүгө белгилүү салымын кошот деп ишенебиз. Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдык журналында жарыяланат.
Илимий чөйрөгө, жогорку кесиптик билим берүү тармагына, экономика боюнча адистерге, коомчулукка белгилүү болгондой, экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык менеджмент академиясынын академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматов эгемендүү Кыргыз Республикасында базар экономикасын окуу-изилдөө негиздерин түзгөн алгачкы илимпоздордун, жетекчилердин бири. Муну менен бирге, Кантөрө Шарипович жалпы КМШ өлкөлөрүндө, Кыргыз Республикасы боюнча алгачкы мамлекеттик эмес окуу жайдын негиздөөчүсү жана туңгуч ректору. Кантөрө Шариповичтин илим-билим жаатындагы салымын эске алуу менен ушул окуу жайда бир нече жылдардан бери Токтомаматов окуулары, алардын алкагында илимий конференциялар өткөрүлүп келет. Айтылган илимий иш-чаралар бул окуу жайда мыкты салттардын бири болуп, илим жаатында белгилүү салымын кошуп келет.
ЭАУнун кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
Комментарийлер