ЗАМАНБАП ПЕДАГОГ САНАРИП САБАТТУУ БОЛСУН

  • 15.08.2023
  • 0

Мугалимдердин август кеңешмесин утурлай, Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн  вебинарларды  өтө башташты. Бул иш чара Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында жүрүп жатат. Алгачкы сабакты «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санариптик технологияларды колдонуунун жолдору» темасында КББАнын мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын башчысы Нуржамал БАКИЕВА өттү. Вебинарларга башында 1000-1500 катышса, системага жүк келип, кире албай калган дагы бир жүздөгөн педагогдор болгону кабарланды. Бирок вебинарларда жарыяланган темадагы материалдарды КББАнын, БИММдин сайтынан тапса болот.

ЗАМАНБАП ПЕДАГОГ САНАРИП САБАТТУУ БОЛСУН

“Кут Билим” Нуржамал Бакиеваны  сөзгө тартып, вебинарда коюлган  санарип технологиялар темасынын  азыркы мектепке чейинки билим берүү ишин уюштуруудагы маанисин сурады.

 

 

 Ааламдаштыруу шартында билим берүүдө санариптик технологиялардын орду, мектепке чейинки билим берүүдөгү заманбап педагог — санарип дүйнөсүндө деген маселелер актуалдуу. Санариптик сабаттуулук дегенибизде, мугалим компьютер, планшет, интерактивдүү доска жана башка санариптик шайман менен иштөө жөндөмүнө ээ болушу керек.

— Азыр мектепке бара элек кичинекей балдар смартфон же маалымат технологияларды чоң кишилерге караганда мыкты билип жатпайбы. Интернет айдыңында балдар суудагы балыктай сүзүшөт. Ошол эле учурда чоң эле тарбиячылардын санарип жагынан билими жеткиликтүү эмес.

— Санариптик сабаттуулук дегенде, мугалимдерге, тарбиячыларга маалымат жана санарип маалымат боюнча материалды бөлүшүп жатабыз. Өткөн вебинар бала бакчадагы педагогикалык кызматкерлерге арналды. Азыркы убакта бизге. Санарип технологияны колдонуу менен тарбиячылардын, педагогдордун билимин өркүндөтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр болуп жатат. Ошол мүмкүнчүлүктү биз колдонушубуз керек. Себеби интернет мейкиндигинде жакшы материалдар жетиштүү. Башка жакка барбайбыз. Баары колубуздун алдында турат. Сайтка кирип эле тийиштүү тиркемелерди платформалар аркылуу алсак болот. Бала бакчанын педагогдоруна сунуш, багыт берип кеттик.

Бирок бул материалдарды колдонгондо интернет мейкиндигинде түрдүү кыйынчылыктар, проблемалар дагы болот. Балдарга туура келбеген материалдар дагы болуп калат. Ошолорду ылгап, ажыратканды педагогикалык кызматкелер билүүсү зарыл. Санарип технологияны колдонуу менен тарбиячылардын, педагогдордун билимин өркүндөтүү зарыл. Ошол мүмкүнчүлүктү биз колдонушубуз керек.

Сиз айткандай, азыр балдар жашына карабай зирек. Педагогдорго караганда балдар тиркемелерге кирген ыкмаларды жакшы билишет. Бул маселе боюнча биз мугалимдерге багыт бердик. Кайсы тиркемелерге кирип, маалымат алса болот деген.

— Ошол кайсы тиркемелер?

— «Билимдүү муун» платформасын сунуштадым. Анткени анын ичинде сабактын иштелмеси бар. «Билимдүү муун» платформасы – бул Билим берүү жана илим министрлиги жана ЮНИСЕФ эл аралык уюму тарабынан  балдар, педагогдор жана ата-энелер үчүн иштелип чыккан санариптик окуу платформасы. Платформада мектепке чейинки билим берүү боюнча программалар, «Керемет көч» мультфильмдеринин сериясы, видеосабактар, ошондой эле «Кыргыз Республикасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө тоскоолдуктарды азайтуу» долбоорунун алкагында иштелип чыккан 20 сааттык окуу курсунун материалдары камтылган. «Баластан» программасынын ютубда тиркемеси бар. Ошол тиркемени колдонсо болот, ошондой эле «baby» тиркемеси. Ал дагы Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ тарабынан иштелип чыккан. Андан сырткары тарбиячылар Bнстаграммга көп киришет. Бирок ошол жерден керектүү материалды, маалыматты алууда кылдаттык менен иштөө керек. Ошол материалдар мамлекеттик стандартка жооп береби деген суроо турат. «Интерес» деген жакшы тиркеме бар. Балдарга бардык багыттар боюнча: кол өнөрчүлүк болобу, аппликация болобу, конструкторлоо болобу, балдар менен ойноо болобу жакшы үлгүлөр салынган. Ошол үлгүлөрдү колдонууга болот. Сабаттуулук десе эле бардык тиркемеге кирип ойноо эмес. Негизи мугалим балага багыт берип, зыяндуу нерседен алыстатышы керек. Педагогдордун негизги кесиптик милдети — балдардын гармониялуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү.

ЗАМАНБАП ПЕДАГОГ САНАРИП САБАТТУУ БОЛСУН

— Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери  жана педагогикалык кызматкерлери үчүн санарип технологияны пайдаланууда биринчи кезекте эмне маанилүү?

— Окуу жана өнүгүү керек:  санариптик технологиялар жаатында кесиптик деңгээлин жогорулатуу, үзгүлтүксүз билим алуусу жана өнүгүүсү талап кылынат. Ал жаңы тенденцияларды жана изилдөөлөрдү байкап, кесиптик семинарларга жана конференцияларга катышып, кесиптештери менен тажрыйба алмашып турушу керек; окуу процессине санариптик технологияларды интеграциялоо: педагог санариптик технологияларды билим берүүдөгү  ар кандай иш-аракеттерге  жана тапшырмаларга интеграциялай билүүсү ж.б.у.с.

Мисалы алалы, виртуалдык экскурсиялар жана симуляциялар: балдар виртуалдык жерлерге саякаттап, зоопарктарга, музейлерге бара алышат же симуляциялар аркылуу курчап турган дүйнө менен тааныша алышат. Бул колдонмолор, адатта, интерактивдүү жана визуалдык жактан жагымдуу түрдө берилет, бул балдар үчүн окууну, дүйнөнү таанып билүүнү кызыктуу кылат.

— Балага кызыгы жок нерсени таңуулай бергенде аны ал карабайт. Балага кайсы жагынан кызык болот, ошону караш керек го мугалим?

— Балдарга бат-бат өзгөрө турган маалымат болуш керек. Кызыктуу, көркөм, кооз сүрөттүү маалыматтар болуш керек. Ошол мааалыматтарды бала тез кабыл алат. Ошол темага баланы кызыктыруу керек. Балдар үйлөрүндө көп тиркемелерди көрүшөт. Мисалы, башка мамлекеттин сайттарында чыккан пластилинди кантип жасоо керек дегенди алды дейлик. Пластилинден өтө коркунучтуу зомбилерди жасашат. Бир жагынан майда моториканы өнүктүрүп жатат, экинчи жагынан, терс таасирин берип жатат. Аларды бала көрүп, колу менен жасагандан кийин коркуу сезими пайда болуп, түнүндө уктай албай чыгат. Ушул нерселерден сактоо керектигин тарбиячылар ата-энелерге жеткирүү керек.  Балдар каалаган тиркемелерди ачып, каалаган нерселерин жасаганга болбойт. Биздин балдардын психикасы туура келбей калышы мүмкүн. Жаш өзгөчөлүгүнө туура келбей калышы мүмкүн. Ошондой коркунучтар да бар.

— Мисалы, кичинекей балдар Тик-Токко өздөрү катталып, кыска сюжеттерин коюп жатат. Тарбиячылар өздөрү да кыска сюжет тартып иштешсе же бул ишти балдар менен чогуу аткарышса болот го дейм?

— Ооба, заманбап технологияларды колдонууда тарбиячылар компетенттүү болуш керек. Мындай жолугушуулар дагы болот деген ойдомун. Бул окутууну улантышыбыз керек. Себеби балдарды туура ой жүгүртүүгө, багыт алууга үйрөтүү керек. Ар бир проблемага илимий негиз менен кирүү маселесин дагы үйрөтүү зарыл. Себеби балдар ошол материалды жөн эле көрүп койбошу керек, ага тарбиялык багыт керек. Тарбиячынын да билимин өркүндөтүп, анын да көз карашын өзгөртүүгө багыт алып жатабыз.

Санариптик технологиялар балдардын өз ара карым-катышын жана кызматташтыгын колдоо үчүн колдонулат. Ошондой эле ар бир баланын муктаждыктарына жараша окууну жекелештирүүгө да жардам берет. Мындан тышкары балдардын, ата-энелердин жана тарбиячылардын ортосунда маалымат алмашуу жана баарлашуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Маектешкен Кубатбек Чекиров, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер