САДЫР ЖАПАРОВ РЕЖЕП ТАЙЫП ЭРДОГАНГА БИРИНЧИ ДАРАЖАДАГЫ “МАНАС” ОРДЕНИН ТАПШЫРДЫ
- 06.11.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды.
Маалыматка ылайык, бул сыйлык Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки элдин биримдигин жана достугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.
Аны тапшыруу аземинде Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин терең ыраазычылыгын билдирген Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгын ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшкөн жеке аракети, жетекчи катары көрөгөчтүгү жана эл аралык иштердеги чебердиги үчүн Түркия Президентине тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи.
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-түрк биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер