С.ТУРСУНОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АГРОЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ (БАЭК)

  • 17.05.2024
  • 0

С.ТУРСУНОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АГРОЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ (БАЭК)

АЙЫЛ ЧАРБАСЫНА ТАТЫКТУУ АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ!

Колледждин миссиясы — агрардык тармакка заманбап билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, өзүнүн кесипкөйлүгүн өстүрүү менен бирге, коомдогу бардык өзгөрүүлөргө ылайыкташкан кесип ээлерин даярдоо.

С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжи (БАЭК) — республикадагы айыл чарбасына адистерди даярдоодо алдыңкы бай тажрыйбасы бар эң алгачкы ачылган орто кесиптик окуу жайлардын бири. Бишкек агроэкономикалык колледжинин негизделгенине 2024-жылдын сентябрында 88 жыл толот.

Колледжде окуу тарбия иштерин уюштурууда окутуучулардын эң башкы милдеттеринин бири эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, өз алдынча жана команда менен иштөөгө, өз ишинин натыйжаларын пландоого, эң негизгиси – иштин практикалык көндүмдөрүн колдонгон, инсандын базалык функцияларын калыптандырууга жөндөмдүү, жоопкерчиликтүү кесипкөй адистерди даярдоо.

БАЭК адистерди даярдоодо “Аталык”, “Тимагро”, “МИС” ААК өңдүү социалдык өнөктөштөр менен келишимдердин негизинде студенттер өндүрүштүк практикасын өтүшөт.

Колледжде былтыркы окуу жылында “Сүт азыктарын кайра иштетүүнүн технологу” багыты боюнча жаңы адистик ачылган. Анда студенттер контракттык жана бюджеттик негизде билим алат. Жаңы ачылган бөлүмдүн студенттери БАЭК менен Кыргызстандагы сүт азыктарынын бирикмеси түзгөн келишимдин негизинде сүт азыктарын кайра иштетүүчү “Белая река”, “Нарын сүт” сыяктуу белгилүү ишканаларда практикадан өтүшөт.

2015-жылдын 7-июнунда Германиядагы Штутгарт “Агроконтакт Интернациональ” ассоциациясы менен эки тараптуу келишим түзүлүп, студенттер алган билиминин негизинде 8 айлык мөөнөт менен технологиялык практиканы жогорку деңгээлде өздөштүрүп келишүүдө.

Колледжде “Жасалма жол менен уруктандыруу” боюнча эки лаборатория, заманбап техникалар менен жабдылган бир компьютердик кабинет иштейт. Колледждин материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, бардык кабинеттер жана жатаканасы толук ремонттон өткөрүлдү.

Президентибиз билим берүү тармагындагы реформаларды иш жүзүнө ийгиликтүү ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүү менен бирге, ар тараптуу өнүккөн интеллигенттүү, профессионалдуу адистерди даярдап чыгарууну талап кылууда. Бул багытта өлкөбүздүн айыл чарбасын өргө тартып кетүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоодо көп жылдык тарыхы бар С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжинин окутуучулар курамы дагы жаңы ийгиликтерди жаратууда.

Мурун Бишкек айыл чарба техникуму деп аталган окуу жайынын бардык структуралары 2023-жылы мамлекеттик аккредитациядан ийгиликтүү өткөн. Учурда ХХI кылымдын адистерине татыктуу билим берүүдө педагогикалык зор тажрыйбасы бар окутуучулар курамы үзүрлүү эмгектенип келишүүдө.

Мугалимдер жамааты окутуунун интенсивдүү усулдук ыкмаларын жигердүү пайдаланып, окутуучулар менен жекече практикадан өтүү, окуу-методикалык комплексин, компьютердик технологиялар системасын өздөштүрүү сыяктуу заманбап ыкмаларды иш жүзүнө ийгиликтүү ашырып келет.

Учур талабына ылайык материалдык-техникалык база, окутуп билим берүүгө ыңгайлуу 25 окуу кабинети, лабораториялык зарыл болгон техникалык каражаттар менен жабдылган кабинеттер, турак жайга муктаж болгон студенттердин жатаканасы, спорт жабдуулары даяр турган кенен спорт зал бул жерде окуган студенттер үчүн болгон камкордуктун айкын далили. Студенттер сапаттуу билим алыш үчүн китеп фондусу 645624 миңди түзгөн китепканасында даярданышат.

Окуу жай айыл чарба тармагындагы бардык өндүрүштүк ишканалар жайгашкан аймакта болгондуктан, алар менен өз ара практикалык окуулар жана техникалык базасы менен келишимдер түзүлүп, кеңири практикадан өтүүгө толук мүмкүнчүлүктөрдү алышууда. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 90 пайызы өз кесибин аркалап, эгемендүү мамлекетибиздин айыл чарбасында, коммерциялык фирмаларда, айыл өкмөттөрдө, мекеме-ишканалардын бухгалтердик аудитордук кызматтарында эмгектенишип, мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишүүдө.

Урматтуу мектептин бүтүрүүчүлөрү, С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжине кош келиңиздер!

С.Турсунов атындагы
Бишкек агроэкономикалык колледжи

С.ТУРСУНОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АГРОЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ (БАЭК)

2024-2025-окуу жылына 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алууну жарыялайт!

Бюджеттик негизде 9-класстын базасындагы адистиктер:

«Ветеринария»,

«Сүт азыктарын кайра иштетүүнүн технологу»,

«Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо»,

«Агрономия-бажы кызматындагы фитосанитардык көзөмөл».

Контракттык негизде 9-11-класстардын базасындагы адистиктер:

«Ветеринария»,

«Экономика жана бухгалтердик эсеп»,

Контракттын баасы: 22 000 сом.

Контракттык негизде 9-класстын базасында

«Сүт азыктарын кайра иштетүүнүн технологу»,

Контракттын баасы: 22 000 сом.

Сырттан окуу бөлүмү боюнча контракттык  негизде:

«Агрономия-бажы кызматындагы фитосанитардык көзөмөл»,

«Экономика жана бухгалтердик эсеп»,

 Контракттын баасы 22 000 сом.

Кошумча кыска мөөнөттөгү окуу курстары:

Малды жасалма жол менен уруктандыруу.

Тракторист-машинист

Агрономия жана ветеринария бөлүмүнүн студенттери 8 айлык мөөнөткө Германиядан практика өткөнгө мүмкүнчүлүк ала алышат.

Кабыл алуу документтери:

  • №086У формасындагы мед.справка, орто билими тууралуу документ,
  • 3х4 өлчөмүндө 6 даана сүрөт,
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорттун көчүрмөсү,
  • ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү.

Дареги: Ысык-Ата району, Киргшелк айылы, Мичурин көчөсү, 46

www.baek.kg  agroeconomical_college (Instagram)

agroeconomical_college_official  (Telegram)

тел.: 0-3132 4-16-48;

0505 315198   директор.

Кабыл алуу комиссиясы:

(0500) 07-02-73; (0557) 18-22-73.

Бөлүшүү

Комментарийлер