СҮРӨТ СЫНАГЫ
- 20.02.2026
- 0
Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы N6 жалпы орто билим берүү мектебинде сүрөт мугалими Жунусова Зыйнат «Карегимде мекеним» аттуу сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Конкурска мектеп боюнча жүздөн ашуун сүрөт келип түшүп, алардын ичинен эң мыктылары көргөзмөгө коюлду. Бул иш-чара окуучуларды мекенди сүйүүгө тарбиялоонун мыкты үлгүсү болуп калды. Сүрөт сынагын уюштурган Жунусова Зыйнат эжекеге мектеп жетекчилиги ыраазычылык билдирди.
УЗЕН АТАКАНОВ, Аксы району
Бөлүшүү
Комментарийлер