ӨСҮП КЕЛЕ ЖАТКАН МУУН  –  ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

  • 10.11.2025
  • 0

   №9 шайлоо округу

 Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер

 

Турдубаева Гульмира Мамашевна N8

            ӨСҮП КЕЛЕ ЖАТКАН МУУН  –  ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

 

   Урматтуу шайлоочулар!

Мугалим – мамлекеттин жүрөгү!

40 жылдык өмүрүмдү мугалимдик кесипке арнадым. Ар бир окуучумдун көзүнөн үмүттү, келечекти, жарыкты көрдүм. Бирок ошол эле көздөрдө  кээде кайгы-муңду, мүмкүнчүлүктүн жетишсиздигин, тагдырдын оордугун сезе да, көрө да билдим.

Элеттик  балдардын акылы  шаардыктардан ашса ашат, бирок кем калбайт. Ааламга жол айылдан башталат эмеспи. Болгону шарт жетишсиз.

Элеттик  мугалимдин жүрөгү толо жарык болгону менен, анын  үнү эч жерге жетпейт.

Мен бул шайлоого аялдардын, балдардын тагдыры үчүн аттандым!

Билим — бул коомду өзгөртүүнүн эң күчтүү куралы. Ар бир социалдык көйгөйдүн түпкү тамыры — билимдин жетишсиздигинде.

Эгер эл сабаттуу, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү болсо — коом өзү оңолот.

Жүрөгүмдө бир гана максат бар: ар бир бала билимдүү, ар бир аял коопсуз жана  ар бир үйдө жарык жана үмүт болсун!

Менин негизги багыттарым!

  1. Элге кызмат кылуу – убада эмес, милдет!

— Эл менен бирге болуу, ар бир көйгөйлүү маселени угуу – менин     биринчи милдетим;

— Ар бир район, ар бир айылда коомдук кабылдамаларды ачуу;

— Элдин үнүн угуп, бийликке  сөз менен эмес, иш менен жеткирүү;

— Электрондук кайрылуу системасын түзүп, ар бир жаранга жеткиликтүү болуу.

  1. Билим – өлкөнүн тагдыры

— Мугалим – мамлекеттин жүрөгү! Анын эмгеги, кадыры бааланып жана айлыгы татыктуу болуш керек!

— Жаштарга заманбап билим берүүгө, тил үйрөнүүгө, IT мүмкүнчүлүктөрүн түзүп – жаштардын чет өлкөгө кетпешине, өнүгүшүнө шарт түзүп берүү керек!

  1. Аял – коомдун тиреги

— Ар бир райондо аялдар үчүн коопсуз жана психологиялык жардам борборлорун ачуу;

— Аялдардын билим алуусуна, ишкердик жүргүзүүсүнө жана саясатка катышуусуна жеңил шарттарды түзүү керек.

  1. Жакырчылыкты билим менен жеңебиз

— Сапаттуу билим алган адам — кесипке ээ болот, өзүнө ишеним пайда болот, өзүн жана үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүк табат.

— Жаштарга заманбап билим жана өнөр үйрөтүү аркылуу жумушсуздукту азайтып, жашоо деңгээлин көтөрөбүз.

  1. Коррупцияны билим менен токтотобуз!

— Элдин укуктук жана жарандык сабаттуулугу арткан сайын, коррупциянын жолу буулат.

— Билимдүү жаран мыйзамды түшүнөт, өз укугун коргойт жана адилетсиздикке каршы тура алат.

  1. Гендердик жана социалдык теңсиздикти билим менен жоёбуз

— Билим аялдарга да, эркектерге да тең мүмкүнчүлүк берет.

— Билимдүү кыз — билимдүү үй-бүлө, билимдүү коомдун негизи.

— Акыл, кесип жана жөндөм гендерге карабай бааланган коомдо адилеттик орнойт.

  1. Зомбулукту жана сабатсыз чечимдерди билим менен азайтабыз

— Билимдүү адам диалог менен чечим табат, агрессия эмес — түшүнүү жолун тандайт.

— Психологиялык, моралдык жана маданий билимдер коомдук мамилелерди маданияттуу кылат.

  1. Миграция көйгөйүн билим менен чечебиз

— Жаштар чет өлкөгө кетпеш үчүн, өлкө ичинде да сапаттуу билим жана кесиптик мүмкүнчүлүк болушу керек.

— Мамлекет билимдүү жаш адистерди колдосо — алар мекенине кызмат кылат.

  1. Жарандык аң-сезимди билим менен калыптандырабыз

— Билимдүү жаран өз өлкөсүнө кайдыгер болбойт. Ал шайлоодо ойлонуп добуш берет, коомдук турмушка катышат, жоопкерчиликти сезет.

Билим — бул жөн гана мектеп же китеп эмес. Бул — адамдын дүйнө таанымы, адеп-ахлагы, эмгекке болгон мамилеси, келечекке ишеними. Ошондуктан билимди өнүктүрүү — бул коомду жаңылоо, адамды өзгөртүү, өлкөнү көтөрүү.

                         Урматтуу менин шайлочуларым!

Мен саясатчы эмесмин, мен мугалиммин!

Мен депутаттыкка мандат үчүн эмес, силерди угуу үчүн баратам.

Мен убада бербейм — мен иштеймин!

Келгиле, бирге өзгөрөлү!

Билимдүү жаштар менен – өнүккөн Кыргызстанды,

Бактылуу аялдар менен – бейпил Кыргызстанды,

Жарашкан эл менен – бирдиктүү Кыргызстанды куралы!

Буйрутмачы: Турдубаев Айбек Мамаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Г.М.Турдубаеванын  ыйгарым укуктуу өкүлү. Ишке ашыруучу: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Кут Билим» Медиа Борбору мекемеси.   Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН): 00704199310081  Дареги: Тыныстанов көчөсү, 257-үй, 104-бөлмө   Тиражы: 50 нуска   Жарыяланган күн: 10.11.2025-жыл  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер  Г. М.Турдубаеванын  тарабынан түзүлгөн шайлоо фондунун каражаттарынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдубаев Айбек Мамаевич тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү

Комментарийлер