Үсөн Асанов атындагы лицейде чыгармачылыкка жана спортко багытталган декада өтүүдө
- 26.11.2025
- 0
Бүгүн Нарын облусунун Үсөн Асанов атындагы лицейинде табигый, социалдык жана эстетикалык билим берүүнү, ошондой эле дене тарбияны бириктирген декаданын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чара окуучулардын табиятка болгон аяр мамилесин калыптандырууну, ден соолукту чыңдоону жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнү максат кылат.
Декаданын алкагында предметтик мугалимдер тарабынан ар түрдүү багыттагы кызыктуу сабактар, практикалык иштер, интерактивдүү оюндар, спорттук мелдештер, көркөм жана чыгармачыл иштер уюштурулат. Мындай иш-чаралар окуучулардын предметтик билимин бекемдеп гана тим болбостон, алардын ойлонуу, анализдөө, өз жөндөмдөрүн ачып көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн да кеңейтет.

Лицей администрациясы декада окуучулар үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, жаңы билимдерди өздөштүрүүгө жана активдүү болууга шыктандырат деген ишенимин билдирди.
(БК)



Комментарийлер