Үркүн каргашасын эскерүү жумалыгына байланыштуу өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өтөт

  • 07.08.2023
  • 0

1916-жылдагы Үркүн каргашасын эскерүү жумалыгына байланыштуу өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу «Эсимде» изилдөө аянтчасынын Фейсбук барагына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, «Эсимде» изилдөө аянтчасы 9-августта саат 18:00дө «Үркүндү эскерүү тажрыйбалары» талкуусун өткөрөт. Анда «Үркүн бүтсүн» тасмасы көрсөтүлөт жана 1991-2023-жылдардагы 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларды эскерүү жүрүштөрү тууралуу сөз болот.

Мындан сырткары, филология илиминин кандидаты Гүлзада Станалиева “Үркүн темасы адабиятта” аттуу ачык лекция окуйт. Иш-чара  Жукеев-Пудовкин 44/1 дарегинде «Эсимде» кеңсесинде өтөт. Иш-чаранын башталышы 18:00.

Ал эми 10-12-август күндөрү Ысык-Көлдүн Тосор айылында эскерүү жүрүшү өтөт. Анда жөө жүрүшкө катышуучуларды тосуп алуу 10-августта болот. 11-августтан Тосор айылынан эки топко бөлүнүп, 1916-жылы эл Кытай тарапка качкан жол аркылуу жөө жүрүш башталат. Кыргын-Сайдан башталган жүрүш Дуулат-Булакка чейин созулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер