12 жылдык билим берүү: ЖОЖдор активдүү эмес

  • 02.07.2024
  • 0

Кыргызстанда мектептик билим берүүнү 12-жылдык моделге көчүрүүнүн пландарын карап жаткан Бишкектеги республикалык форумдун экинчи күнүндө талкуулар секцияларда жүрүүдө.

12 жылдык билим берүү: ЖОЖдор активдүү эмес

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов 12 жылдык билим берүүнүн моделин иштеп чыгууга жогорку окуу жайлардын окутуучулары активдүүлүгүн көрсөтүшү керектигин белгиледи.

«12 жылдык билим берүү модели боюнча жумушчу топ иштеп, документтерди даярдап жатабыз. Университеттердин активдүүлүгү солгунураак. Үч күнгө созулган форумда ЖОЖдун бир да өкүлү жок. ЖОЖдогу бардык стандарттар кайра иштелип чыгышы керек. Себеби 12 жылдыкка өтүп жатканда билим берүү, предменттик стандарт, окуу программасынын баары өзгөрөт. ЖОЖдор буга даярданып, бүтүндөй окуу материалдары өзгөртүшү абзел, — деп айтып, жогорку окуу жайлардагы окуу мөөнөтүн төрт эмес, үч жыл кылууну сунуштап жаткандыгын кошумчалады.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер