РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

  • 27.03.2026
  • 0

Бүгүн, 27-мартта, мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV (республикалык) этабы башталды.

Ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи базасында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева, “Кыргызстан Маариф” фондунун директорунун орун басары Кыялбек Акматов жана башкалар катышты.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Министрдин орун басары Надира Джусупбекова өз сөзүндө олимпиаданын башкы принциби татыктуулардын жеңиши экенин белгиледи.

«Сиздер бүгүн бул жерге келүү үчүн чоң эмгек жумшап, тынымсыз издендиңиздер. Ошондуктан ар бириңиздер буга чейин эле жеңүүчүсүздөр. Өзүңүздөргө ишенип, мыкты жыйынтыктарды көрсөтө турганыңарга ишенем. Ар бириңиздер өлкөбүздүн келечеги болуп, илим менен билимдин өнүгүшүнө салым кошо турган жаш муунсуздар. Баарыңыздарга ийгилик каалайм, чыныгы татыктуулар жеңсин», — деди ал.

Республикалык олимпиаданын бул этабына облустук жана шаардык турларда 1–2-орундарды ээлеген 330га жакын окуучу катышууда.

Олимпиада төмөнкү билим берүү уюмдарында өткөрүлүүдө:

• Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи — математика, физика, тарых, информатика, география;

• Айчүрөк лицейи — кыргыз тили, орус тили, англис тили;

• И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — химия жана биология.

Олимпиада эки күнгө созулуп, 30-мартта жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо аземи өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер