РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН II БАСКЫЧЫ ӨТҮҮДӨ
- 12.02.2026
- 0
2026-жылдын 11-12-февралында Республикалык олимпиаданын II баскычы (райондук) Талас облусунда өтүп жатат.

Талас облустук усулдук борборунун директору С.Бейшенованын айтымында, олимпиадага катышып жаткан окуучулардын жалпы саны: Талас — 249 окуучу; Бакай-Ата — 254 окуучу; Айтматов — 375 окуучу жана Манас — 343 окуучу.


— Жалпы облус боюнча 1221 окуучу катышууда. Тапшырмалар өз убагында келип, өз учурунда тапшырылды, эч кандай тартип бузуулар жана кечигүүлөр болгон жок, — дейт жетекчи.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер