РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

  • 30.03.2026
  • 0

30-мартта Бишкек шаарындагы «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулду.
Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана окуучулар катышты. Эдил Байсалов өз сөзүндө өлкөнүн келечеги билимге жана илимге умтулган жаштардын колунда экенин белгилеп, олимпиада жеңүүчүлөрүн куттуктады.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ
Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева билим таймашында ийгиликке жеткен окуучулардын талыкпас эмгеги жана тынымсыз изденүүсү ийгиликке жеткиргенин баса белгиледи. Анын айтымында, быйыл республикалык олимпиадага өлкө боюнча 24 миң окуучу катышып, алардын ичинен 322 окуучу финалдык IV этапка өткөн. Министр ошондой эле окуучуларды даярдаган мугалимдерге ыраазычылык билдирип, мамлекет тарабынан мугалимдерди колдоо иштери улантыларын белгиледи.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ
Белгилей кетсек, республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу IV этабы 27–28-март күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек “Айчүрөк” лицейи жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети базасында өткөрүлдү. Олимпиадага III (облустук) этапта жеңишке жетишкен мамлекеттик жана жеке менчик мектептерден 322 окуучу 17 предмет боюнча катышты.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ
Жыйынтыгында 19 окуучу I орунду, 18 окуучу II орунду, 17 окуучу III орунду ээледи.
Командалык эсепте Бишкек шаары 21 орун, 49 упай менен I орунду ээлесе, Ош шаары 8 орун, 16 упай менен II орунду, Чүй облусу 7 орун, 11 упай менен III орунду алды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер