Республикалык кеңешме: «Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр»

  • 22.12.2025
  • 0

Бишкекте 22-декабрда билим берүүдөгү бир жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып талкуулаган республикалык кеңешме өтүүдө. Кеңешмеде МинКабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып сүйлөдү.
Республикалык кеңешме: «Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр»

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы жыл ичиндеги жетишкендиктер, жүргүзүлгөн өзгөрүүлөр, актуалдуу көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору айтылды.

Кеңешменин жүрүшү Улуттук телерадио корпорациясынын «Ала-Тоо 24» каналы жана УТРКнын расмий Facebook баракчасы аркылуу түз эфирден берилди.

Улуттук заманбап модель

Бүт дүйнөдө өзгөрүүлөр жогорку темпте жүрүп жатканда, Кыргызстан советтик доордон бери келаткан эскирген билим берүү системасын заманбап жаңылоонун маанилүү этабына киришти.

Агартуу министрлиги «Алтын Казык» трансформация программасынын алкагында мектептик билим берүүнү 12 жылдык улуттук моделге көчүрүүнү баштады.  Бул модель жаңы муунга дүйнөлүк деңгээлдеги билимди жана көндүмдөрдү камсыз кылып, алардын талантын жана потенциалын толук ачууга мүмкүндүк берет.

«Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө 12 жылдык билим берүү системасы дүйнөлүк стандарт болуп эсептелет. Бул система 180ден ашык өлкөдө колдонулуп келет жана анын натыйжалуулугу буга чейин эле далилденген»,-деп айткан эле окуу жылынын башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

Мектепке чейинки билим берүү

Республикалык кеңешме: «Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр»

Бала бакчага барган балдардын көрсөткүчү 2024-жылы 44 пайызга жетип, 2026-жылы аны 60 пайызга жеткирүү максатында иштер жүрүүдө. Ондогон жаңы бала бакчалар курулуп, кыска мөөнөттүү, үй-бүлөлүк типтеги бакчалар, уктоочу бөлмөлөрдү окутуу аянтына айландыруу сыяктуу натыйжалуу чаралар көрүлүүдө.

Биринчи жолу бала бакчаларга пилоттук түрдө ваучер киргизилип, 11 айдын жыйынтыгы боюнча 1228 арыз катталды. Анын ичинен 467 бала жеке менчик бала бакчага барууда.

“Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” жөнүндө мамлекеттик билим берүү стандарты, тийиштүү жобо, устав жана бала бакчалардагы тамактандыруу тартиби бекитилди. Бир жаштан алты жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн жаңы программасы иштелип чыкты.

Республиканын аймактарында 560 мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу иши толук аяктады.

Республикадагы бардык бала бакчалардын бирдиктүү реестри түзүлдү.

Бала бакчаларды курууга жана оңдоого биринчи жолу жеңилдетилген кредит бериле баштады. Беш жаранга жалпы суммасы 17 млн сом өлчөмүндө кредит берилди.

Быйыл мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 25 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды.

Жаңы түзүм, жаңы мазмун

Республикалык кеңешме: «Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр»

Мектептик билим берүү тармагы заманбап жаңылануу жолуна түшүп, эң мыкты чет элдик тажрыйба менен байытылган улуттук билим берүү модели курула баштады. Кыргызстанда биринчи жолу балдар мектепке алты жаштан бара баштады.

Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, 1-12-класстар үчүн предметтик стандарттар жана программалар жаңыланды.

Жаңы муундагы окуу китептерин чыгарууга биринчи жолу чоң суммада — 860 миллион сом каражат бөлүндү.

Жаңыланган программалар жана стандарттар боюнча 1-2 жана 5-7-класстар үчүн окуу китептеринин толук топтому чыгарылууда. 3-9-класстар үчүн англис тили, математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери басылып чыгып, мектептерге жеткирилүүдө.

Кыска мөөнөттө масштабдуу даярдыктар көрүлдү: он миңдеген педагогдор жаңы шарттарда ишенимдүү иштөө үчүн тренингдерден жана семинарлардан өтүштү.

Биринчи жолу мугалимдерге ата мекендик өндүрүштөн чыккан 27 миңдей “Алтын Казык” ноутбуктары таркатылды.

Апрель айында ПИЗА эл аралык изилдөөсүнө кыргызстандык он беш жаштагы алты жарым миңден ашык окуучу  катышты.

Санариптешүү – сапатка өбөлгө

Республикалык кеңешме: «Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр»

Окуу процессине жана мектепти башкарууга санариптик технологиялар кеңири киргизилүүдө.

Мугалимдерге жана окуучуларга жеткиликтүү, сапаттуу жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде сунуштаган Санарип-кампа платформасы иштей баштады

Улуттук форматтагы электрондук күндөлүк мектептерге биринчи жолу акысыз негизде киргизилди.

Ваканттык орундар боюнча электрондук АИС “Мугалим” системасы ишке киргизилди

Уңгужол – улуттук тарбиянын өзөгү

Республикалык кеңешме: «Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр»

Жаш муундарга таалим-тарбия берүүдө улуттук нарк баалуулуктарына артыкчылык берилип, жаңы тажрыйбалар менен байытылууда.

“Ата-энелер” мектеби программасын  жакшыртуу максатында атайын модулдар иштелип чыгууда.

Жалпы билим берүү уюмдарында 2000ден ашык  профилактикалык кеңеш түзүлдү.

“Э-Күндөлүк” мобилдик тиркемесинин ичинде “Коркпо, билдир!” анонимдүү функциясы иштеп жатат.

Ата-энелер менен өспүрүмдөр үчүн “Манас КОД” оюну боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыкты.

Зомбулуктун жана башка укук бузуулардын алдын алуу максатында окуучуларга жана алардын ата-энелерине 5000ден ашык лекциялар, форумдар жана жолугушуулар өткөрүлдү.

Башталгыч кесиптик билим берүү

Республикалык кеңешме: «Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр»

Башталгыч кесиптик билим берүүдө 120 ашык кесипке жумушчу кадрлар даярдалууда.

Окуу процессин ийкемдүү кылыш үчүн модулдук жана дистанттык окуу формалары иштөөдө. 93 кесиптик лицейдин 71де дуалдык окуу программасы ишке ашууда.

2300 окутуучу-устат билимин жогорулатты.

Кыргыз кесиптик лицейлеринин командасы WorldSkills International

EmiratesSkills «TurkicSkills 2025» эл аралык мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээледи. (КС)

Бөлүшүү

Комментарийлер