РЕКТОР КИМ БОЛУШУ КЕРЕК — ОКУМУШТУУБУ ЖЕ МЕНЕДЖЕРБИ?
- 06.04.2026
- 0
Кыргызстанда жогорку окуу жайларын башкаруу моделин өзгөртүү маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Министрлер Кабинети ректорлорду дайындоо тартибин жаңыртуу боюнча долбоорду коомдук талкууга алып чыгып, «илимий даража vs менеджерлик жөндөм» деген негизги суроону курч койду. Ушул талаштуу темада окумуштуу жана мамлекеттик ишмер Алмазбек Акматалиев өз позициясын билдирип, заманбап университетти ким жана кантип башкаруусу керек экенин чечмелеп берди.

Алмазбек Акматалиев — философия илимдеринин кандидаты, профессор, мамлекеттик жана коомдук ишмер. 1959-жылы Нарын облусунда туулган. КазМУну жана КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. Нарын мамлекеттик университетин (1999–2010) жана Президенттик башкаруу академиясын жетектеген. Облустук деңгээлден тартып жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген. Конституциялык кеңешмелердин мүчөсү. Кыргыз билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Фулбрайт программасынын стипендианты.
— Ректор үчүн илимдин доктору деген талаптын алынып салынышы университеттин илимий потенциалына терс таасирин тийгизбейби?
— Сөзсүз эле илимдин доктору болсун деген талап азыр деле жок. Азыркы мыйзамда жазылып турат: ректордун илимий даражасы болуш керек деп. Демек, илимий даража дегенде илимдин доктору, кандидаты жана PhD даражасы болуш керек дегенди билдирет. Эми, университеттин илимий потенциалы тек гана ректордун илимий даражасына көз каранды эмес деп ойлойм.
Түшүндүрмө: Акматалиев бул жерде университеттин деңгээлин бир адамдын титулу эмес, жалпы академиялык чөйрө — профессордук курам, илимий инфраструктура жана саясат аныктай турганын белгилейт.
— Илимий даражасы жок менеджер окумуштуулар кеңешинин жана академиктердин арасында кандай кадыр-баркка ээ боло алат?
— Менимче, ректордун жок дегенде Ph.D же илимдин кандидаты деген илимий даражасы болуш керек. Минималдык критерий катары. Азыр деле бул шарт бар мыйзамда.
Түшүндүрмө: Башкаруучунун авторитети үчүн илимий негиз керек, бирок ал абсолюттук эмес — минималдуу «кирүү босогосу» катары каралат.
— Жаңы жободогу «менеджерлик жөндөм» деген түшүнүктүн так критерийлери кандай? Аны кантип өлчөсө болот?
— Менеджерлик жөндөм деген терминде ал адамдын башкаруу чөйрөдөгү тажрыйбасы жана жетишкендиктери камтылат деп ойлойм. Чынында, ректор бул мыкты менеджер, уюштургуч болушу да өтө маанилүү. Менимче, илимий даражадан да өйдө турган критерий бул.
Түшүндүрмө: Бул жооп жаңы парадигманы көрсөтөт — университетти башкаруу «илимий статуска» эмес, натыйжалуу лидерликке байланууда.
— Советтик ректор — бул биринчи кезекте ири окумуштуу, академик жана идеолог болгон. Ал эми заманбап ректор — университетти киреше алып келүүчү корпорация катары башкарган менеджер болушу керекпи?
— Мыкты менеджер десе эле финансыны, акчаны ойлонгон туура эмес. Менеджер — бул адам ресурстарын, окуу процессин, коллективди ийгиликтүү башкара билген адис. Албетте, финансы ресурстарын да таба билип, аларды багыттуу башкаруу да менеджердин иши.
Түшүндүрмө: Акматалиев «менеджер» түшүнүгүн тар мааниде эмес, кеңири — адам, процесс жана стратегияны башкаруу катары чечмелейт.
— Советтик мезгилде университет мамлекеттин толук камсыздоосунда болсо, азыркы ректор инвестиция тартууну (фандрайзинг) билиши шарт. Жаңы жобо ректорду «чарбакер» болууга канчалык түртөт?
— Заманбап университет — бул абдан татаал жана көп кырдуу чарба десек болот. Ал жерде имараттар, китепканалар, тамак ичүүчү жайлар, жатаканалар, АйТи класстары, спорт шаймандары бар да… Ошол материалдык структуралардын баары сапаттуу билим бергенге багытталышы зарыл. Совет доорунда деле мыкты ректорлор мыкты чарбакер болуп келишкен. Бул жагынан чарбакердик жөндөмдөрдүн мааниси тек гана күчөп келатат.
Түшүндүрмө: Университет эми жөн гана билим берүүчү эмес, чоң инфраструктуралык система. Демек, ректор — анын «CEOсу».
— Илгери ректордун негизги милдети сапаттуу кадр даярдоо болсо, азыркы ректор университеттин эл аралык рейтингдердеги орду үчүн жооп бериши керек. Бул үчүн ага илимий билимби же бизнес-башкаруу жөндөмү көбүрөөк керекпи?
— Менимче, бизнес башкаруу, адам ресурстарын башкаруу жөндөмү өйдөрөөк турат азыр. Тилекке каршы, илимий даража да ал адамдын илимий потенциалын, чын эле илимдин доктору чыныгы окумуштуу дегенди билдирбейт. Негизи эле илимий даражалар системасы (илимдин кандидаты, доктору) чыныгы илимди аныктабайт менимче. Эми бул башка маселе.
Түшүндүрмө: Бул — реалдуулукка жакын көз караш: рейтингдер, атаандаштык жана рынок шарттары башкаруучулук сапаттарды биринчи орунга чыгарып жатат.
— Эмне үчүн биз «окумуштуу-ректор» моделинен «менеджер-ректор» моделине өтүп жатабыз? Дүйнөлүк тажрыйба (мисалы, Гарвард же Оксфорд) бул тууралуу эмне дейт?
— Себеби ар бир университеттин абалы, ийгиликтери, келечеги ректор чоң окумуштуу экен деген критерий менен аныкталбайт. Менеджерлик жөндөмдөрү менен аныкталат. Себеби ректор — бул тек гана илимпоздор менен иштеген кызмат орду эмес. Ректор — адамдар менен, профессорлор менен, студенттер менен иштеген адам. Менимче эң жакшы формула: чоң окумуштуу болбосо да, мыкты менеджер болушу абзел! Бирок, жогоруда мен айткандай: жок дегенде илимдин кандидаты болуш керек деген формалдуу талап сакталыш керек.
Түшүндүрмө: Компромистик модель сунушталууда — «академиялык база + күчтүү менеджмент».
— Жаш кадрлардын ректорлукка келиши университеттердеги коррупцияны азайтууга жана санариптештирүүгө канчалык өбөлгө түзөт?
— Коррупция ректордун жаш курагына тиешеси жок. Коррупциянын азайышы башка нерселерге байланышкан, анда: антикоррупция системасы болушу зарыл, катуу көзөмөл керек, финансынын ачыктыгы, процедуралардын тактыгы, окуу процессин жана башкарууну санариптештирүү сыяктуу факторлор бар. Бирок, коррупциянын деңгээли ректордун жаш курагына байланыштуу дегенди уга элекмин… Ыплас адам болсо, жаш-карысына карабай коррупция менен алектене берет да.
Түшүндүрмө: Маселе персоналда эмес, системада экенин баса белгилейт.
— Ректордун ишинин натыйжалуулугун илимий макалалардын саны менен эмес, бүтүрүүчүлөрдүн жумуш менен камсыз болушу менен өлчөө туурабы?
— Ректордун ишинин натыйжалуулугун аныктоо — бул оңой маселе эмес. Бул баалоодо бир топ критерийлер (индикаторлор) колдонулушу зарыл. Анын ичине университеттин рейтинги, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, мугалимдердин сапаттык курамы, университеттин финансылык абалы, абитуриенттердин конкурсу, ОРТ менен келген студенттердин орточо баллы, илимий иштин деңгээли сыяктуу бир топ критерийлер кирет…
Түшүндүрмө: Бир эле көрсөткүчкө таянуу туура эмес, комплекстүү баалоо керек.
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер