Райондук/шаардык билим берүү жетекчилеринин ротациясы: план бекиди
- 05.02.2026
- 0
Билим берүү тармагында башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, институционалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана кесипкөй мамлекеттик кадрлар корпусун түзүүгө багытталган ырааттуу кадрдык реформалар жүргүзүлүүдө. Бул реформанын маанилүү багыттарынын бири — жетекчи кадрларды ротациялоо механизми.
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 2026-жылга карата райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин ротациялоо планы бекитилди.
«Бул планды кабыл алуу кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү жана башкаруучу кадрлар үчүн адилеттүү, ачык шарттарды камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган. Бир кызмат ордунда узак убакыт иштөө, айрыкча жергиликтүү деңгээлде, башкаруу системасында белгилүү бир коркунучтарды жаратары белгилүү»,-деди Агартуу министрлигинин адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Чотбаева.
Ротациялоо планы толугу менен колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлдү. Ага ээлеген кызматында орто эсеп менен үч жыл (же андан ашык) иштеген жетекчилер киргизилди. Ошону менен бирге, ар бир жетекчиге мыйзамда белгиленген тартипте расмий билдирүү жөнөтүлүп, алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү.
Ротациялоо иштеп жаткан жетекчилердин кесиптик сапаттарына шек жаратпайт. Тескерисинче, анын негизги максаты бул билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан ири реформаларды ишке ашыра алган, мобилдүү, ийкемдүү жана компетенттүү башкаруучу кадрлар корпусун калыптандыруу болуп саналат.
Ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундары коррупциялык тобокелдик жогору болгон кызматтардын тизмесине киргизилгенин өзгөчө белгилөө зарыл. Мындай шартта ротация башкаруунун ачык-айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган алдын алуучу системалуу механизм катары кызмат кылат.
Ротациялоо планы 2026-жыл аралыгында белгиленген тартипте, этап-этабы менен ишке ашырылат.
План боюнча Чүй облусунун Москва, Жайыл, Панфилов, Сокулук, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык, Ысык-Көл, Түп, Тоң райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, Жалал-Абал облусунун Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн, Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, Баткен облусунун Баткен райондук жана Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын ротациялоо каралды.
К. А. «КБ»
Комментарийлер