РАСУЛДУН ИЙГИЛИГИ
- 16.05.2025
- 0
Чүй районуна караштуу Садовое айылындагы Иса Үкүев атындагы орто мектептин 7-«а»классынын окуучусу Токтобеков Расул
«Жоокер ыры» аттуу аскердик-атуулдук ырларды мыкты аткаруу боюнча республикалык онлайн кароодо 1-орунду багынтты.

Окуучунун бул жеңишинде класс жетекчиси Карасартова Гулун менен тарбия иштеринин уюштуруучусу Исмагулова Аселдин салымы чоң.
Расул 2011-жылдын 28-мартында Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн. Расулдан сырткары үй-бүлөдө дагы эки бала, бир кыз бар. Атасы — Баркыжоков Кубанычбек, энеси — Султангазиева Бактыгүл.
Расул кыргыз тили жана адабияты сабактарына өзгөчө кызыгат. Келечекте актер болууну кыялданат.
Жакында жылдыздуу окуучуну мектептин окуучулары зор сый-урмат менен тосуп алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Аталар кеңешинин төрагасы Айдаров Айдин сөз алып, Расулду аталардын атынан куттуктап, көптөн бери самап жүргөн велосипедди белекке беришерин жарыялады. Бул белек Расулга жаңы бийиктиктерди багындырууга дем бермекчи.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»





Комментарийлер