ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАРДАМ – ЗАМАН ТАЛАБЫ

  • 20.04.2020
  • 0

 

ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАРДАМ – ЗАМАН ТАЛАБЫ

Азыркы кезде психологдорду издеп кайрылгандар көбөйүүдө. Анткени жашоонун түрдүү факторлору адамдардын психикасына таасирин тийгизип, ар кандай ооруларга алып келүүдө.

 

Замандын оор сыноосу

 

Алгач практика жүзүндө психологиялык жардам берүүнү 2010-жылы Ош окуясында баштаганбыз. Анткени күтүлбөгөн окуя болуп кеткен соң теле берүү каналдардын жүгүртмө саптарында “Психолог керек” деген жарыя уламдан улам чыгып жаткан эле. Көчөгө чыгуу кооптуу болсо да, психология боюнча иштеп сабак берип жүргөн адис катары өз парызымды аткарууну чечтим. Балдар доктору Бүбүсара эже экөөбүз акылдашып, бел байлап чыкканбыз.

Ишибизди Ош мэриясынын алдындагы шашылыш байланыш кызматын уюштурган штабдан баштаганбыз. Ал жерден бизди түз эле шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жөнөтүшкөн. Барсак, жабыркагандардын саламаттык баянына психологго муктаж деп врачтын сунуштары жазылыптыр. Ошентип, алгач психологиялык билимдерибизди практика жүзүндө колдоно баштаганбыз.

Андан соң “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарыйка эже экөөбүз Балдар ооруканасына 15-июнь өз жолубуз менен барып жабыр тарткан кыздарга психологиялык колдоо көрсөтүп келгенбиз. Ошол мезгилде биздин өмүрүбүз кооптуу болчу, бизге эч кимден эч кандай кепилдик болгон эмес. Ага карабастан кан, от кечип жардам, жабыркагандарга кеӊеш берип келдик. Башында мындай кырдаалда иш жүргүзүүгө биз, психологдор, толук даяр эмес элек.

 

Такшалуу жолунда

 

Биздей психологдордун бар экендигин билген соң, эл аралык уюмдар кызматташа баштады. Ошто июнь окуясынан жабыр тарткандарга эртеден кечке чейин тыным жок эл аралык уюмдардын унаалары менен каттап жардам берип жаттык. Андан соң бизге Бишкектен, Москвадан, Түркиядан, эл аралык уюмдардан дасыккан психологдор келип, окууларды өткөрүп, кесиптик чаалыгуу абалынан чыгышыбызга көмөктөштү. Андан кийин бизге балдар менен иштөө ыкмаларын үйрөтүштү.

Мамакеев санаториясында жабыр тарткан балдардын лагерин уюштуруп, алар менен психологиялык иш чараларды жүргүзүп келдик. Ош шаарында Психикалык колдоо борборунда клиникалык психолог болуп кошумча штат менен иш жүргүздүм. Ал жерде июнь окуясындагы кылмыш кылган жарандарды психологиялык-психиатриялык жактан текшерүү максатында тесттер менен текшерүүдөн өткөрүп иштедик. Бир топ практикалык тажрыйбага ээ болдум. Албетте, жарандардын соо же оору экендигин тактоо максатында бир нече методдор менен иш жүргүздүм. Бул тажрыйбалар студенттерди окутууда теория менен практиканы айкалыштырууга чоӊ мүмкүнчүлүк берди. Ошентип мен психологиялык билимдер боюнча тажрыйба алмашуу максатында Грузияга 2 жолу, Эстонияга, Австрияга, Түркияга, Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга (Ходжентке) барып, өзүбүздүн Бишкекте бир канча окуулардан өтүп, кесиптик камылгабызды арттырып, психология багытында эл аралык деӊгээлдеги тренер-коуч деген сертификаттарды алууга жетиштим.

2016-жылы катуу жер силкингенден Кара-Суу району менен Алай районунун эли көп жабыр тарткан, анда да Гүлчөдөн тарта Кабылан-Көл айылына чейин ЮНИСЕФтин колдоосу менен 21 күн балдарга психологиялык жардам берип келдик. Эл аралап көптөгөн проблемаларды билип көрдүк. Анда катуу коркуп калган балдар, ата-энелер менен иштедик, аларга балдар менен иштөөнүн жолдорун үйрөтүп кайтканбыз.

2017-жылы январда Дача Су айылына өз ыктыярым менен барып, психологиялык жардам берип келдим. Ошондо кыргыз тилдүү психологдор керек деген маалыматты ректорубуз К.Исаковго айтсам, аба жолуна кеткен чыгымды каржылап берген. Баргандагы ишибиз Бишкек шаарындагы оорукананын күйүк бөлүмүнөн башталган. 40-60% күйүктөн жараат алган жарандарыбызга психологиялык  жардам берип, андан сон Дача Су айылына барып, жабыркаган эл менен иштеп, балдарга көмөк көрсөткөнбүз.

Андан соң табигаттын күтүлбөгөн кырсыгынан Куршаб менен Аюу-Сай айылына барып, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен психосоциалдык жардам жана кеңеш берип турдук. Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына да университеттин психологу катары зарыл маалыматтарды чыгарып турдук.

Баткен облусунда чек ара чыр-чатагы чыкканда, Ак таш, Көк-Тумшук айылдарына барып, жапа чеккен үй-бүлөлөргө, окуучу балдарга бир жума бою жардам берип, колдоо көрсөтүп келдик.

 

Азыр кайсы маселелер боюнча кеп-кеӊеш сурашат?

 

З. (аты өзгөртүлүп, кыскартылды):

— Бир жылдан бери өзүмдү жаман сезип жүрөм. Кайсы жерим ооруганын билбейм, баары жогум эле ооругансыйт, жаным жер тартат. Ишке көңүлүм чаппайт, тамакка табитим жок, жакындарым менен баарлашкым келбейт. Доктурга барсам, анализдерим жакшы чыкты, кардиологго жиберди. Ал жүрөгүӊүз жакшы экен, бир курс дарыланып көрөсүзбү эс алганча, мээӊиз чарчаган окшойт дейт.

Мына ушундай телефон чалуулар көп болот. Эгерде психоанализ методун колдонсок, клиенттерибиз менен айлап иштешебиз.

Мага психолог катары бир гана аялдар эмес акыркы мезгилде көбүн эсе эркектер да оз психикалык абалдары боюнча кайрылышат, о.э. жаш балдар, мектеп окуучуларын көп алып келишет. Албетте, аялдар да кайрылышат. Эгерде аларга көп убакыт талап кылган реабилитация керек болсо, анда өнөктөшүбүз болгон “Ак жүрөк” кризистик борборуна же ДИАнын психологдоруна жөнөтөм. “Ак жүрөк” кризистик борборунун алдында атайын башпаанек бар, ал жерде ал кордук көргөн аял 20 күнгө чейин жашап, психологдун жана юрист-адвокаттын кеңештерин ала алат. Эркектер көбүнчө депрессия жана “өз ара ички конфликт” менен кайрылышса, окуучу балдар менен 7 жашка чейинки коркуп сүйлөбөй койгон же мектепке барбайм деп ыксыз мамиле көрсөткөн, сабактан жетишпеген, сабактан качкан, зомбулукка кабылган балдарды ата-энелери жана социалдык коргоо мекемесинин кызматкерлери кошо келишет.

М. аттуу кызды Баткен облусундагы үй-бүлө тибиндеги интернаттан 2016-жылы 8-класстын А. аттуу кызды алып келишкенде, “Боорукердик үйүнө” бир күн гана түнөгөнгө уруксат беришкен, ошондо бир жума өзүмдүн үйүмдө кармоого туура келген. Жайында ал кызга интернеттен лагерь издеп таап, арыз жазып жөнөттүк эле, конкурстан өтүп, атайын кыздар үчүн лагерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду, дос күтүп, карым-катнаш жолдорун үйрөнүп, мурдагы саламат абалына келди. Азыркы учурда жакшы ийгиликтерге жетишип, бизди кубантууда.

Социалдык түйүндөр, виртуалдык карым-катыштар да адамдарга чоң таасир этүүдө.

Өткөн жумада 24 жаштагы Ж. аттуу келинге психологиялык жардам берүү иштерин баштаганбыз, колунда 1,5 жашар эгиз балдары бар, экөө тең көзү азиз болуп төрөлгөн, буттары да баспайт, учурда дарыланышууда. Жаш апа үй-бүлөсүнөн эч кандай колдоо тапкан эмес, күйөөсү башка бирөөгө үйлөнүп кетип калган, кайненеси материалдык эмес, моралдык да жардам бербеген. Бул келин өтө кыйналгандыктан, өз жанын кыймакчы да болгон. Учурда комплекстүү психо-медико-социалдык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Декабрь айында региондон 8-класстагы окуучу менен апасы социалдык коргоо мекемесинин кызматкерлери аркылуу кайрылышты. Окуучу эки колунун тең күрөө тамырын устара менен кесип салган экен. Ал үй-бүлөсүндө да, мектепте да обочолонуп, тең туштарына аралашпай калыптыр. Ага реабилитациялык алгачкы жардам көрсөтүлдү, эми кийинки баскычтарды иштерди жүргүзөбүз.

 

__________________

Биргелешсек, утабыз

 

Кээ бир студенттердин коммуникативдүү жөндөмү толук өсүп калыптана элек болот. Алар окуу процессинде жагымдуу маанай түзүлбөгөн шартта жабыгышат.

Ата-энеси менен тил табыша албаган, өзүн-өзү башкалардан кем санаган, эс тутуму начарлаган, убакытты туура пайдалана билбеген жаштар кездешет. Махабат маселеси боюнча кайрылгандар көп.

Биз, психологдор, түркүн кырдаалдарга даяр туруп, кризистик психолог, психолог-консультант, балдар психологу, үй-бүлөлүк психолог, психоаналитик катары жардам бериш үчүн кесиптик чеберчилигибизди дайым өркүндөтүп келебиз. Биздин университетте да келечектеги психологдорду мына ушундай жагдайларда иштешке даярдайбыз. Учурда биздин 4-курстун бүтүрүүчүлөрү жана магистранттарыбыз, кечки бөлүмдөгү студенттерибиз мектептер менен окуучуларга, мугалимдерге, кайрылган жарандарга телефон, ватсап, мессенджер аркылуу психологиялык жардам көрсөтүп жатышат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан “Ден-соолук”, “Психикалык ден соолук”, “Манас” программалары, Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алган “21-кылымдын жаштары”, “Наристе” программалары, өкмөттүн Социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси менен кабыл алынган токтомдору, “Турмуш жашоосу оор үй-бүлө”, “Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүү” программалары боюнча бир топ иш чаралар жүргүзүлүп жатат. Мен жетектеген психология кафедрасынын демилгесин Грузиянын Глобалдуу фонду колдоп, Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Ноокат, Кара-Суу, Сузак, Базар-Коргон райондорунда, Жалал-Абад, жана Ош шаарларында атайын психикалык ден соолук боюнча пилоттук борборлор ачылды. Ал борборлордо иштөөчү психиатр, психолог, психотерапевт, социалдык кызматкерлер Психологиялык лабораторияда грузиялык адистердин көмөгү менен график боюнча окуулардан өтүшүп, эл менен тыгыз иштеп жатышат.

2016-жылы психология кафедрасынын алдында психология адистигин ачуу максатында лицензия алып алгачкы абитуриенттерди кабыл алдык. Алар быйыл 4-курсту бүтүрүп, жогорку билимдүү адис болуп чыгышат. 2018-19-окуу жылында психология боюнча кечки жана магистратураны ачтык, анда жалпы эле психология багыты боюнча 75 студент билим алып жатышат.

ОшМУнун мугалимдери жана студенттери да бизден кеӊеш алып турушат. Айрыкча мугалимдер жашоо-турмуш, мектепте окуган балдарынын маселелери, жеке өздөрүнө керектелүүчү билимдер боюнча ж.б. ар түрдүү маселелер боюнча да кайрылышат. Алар өздөрүнүн кеп-кеӊеште муктаж жакындарын ээрчитип келишет.

Биздин психология илимине кызыккан студенттердин “Ыктыярчылык мектеби” иштейт. Ал мектепти чоң курстун Жумабек жана Ибрагим аттуу студенттери иш жүргүзөт. Башка факультеттерден жумасына 2 жолу келип, иш чараларга катышып турушат. Студенттер өз үй-бүлөсү, жеке маселелери, эс тутум ж.б. боюнча кеӊештерди алышат. Башкалар менен кантип мамиле түзүп, кесиптик өсүш боюнча да көп сурашат. Кээде башка ЖОЖдордун студенттери да кайрылып турушат.

Турмушта оор кырдаалга кабылган студенттер менен атайын психологиялык иш чараларды жүргүзөбүз. Алар башында бир аз тартынышат, анан көнүгүп калганда өздөрүнүн графиги менен келип турушат. Ар тараптан колдоого жардам беребиз. Албетте, биздин баарлашуулар дайыма купуя сакталат. Факультеттин тарбиялык иштер боюнча декандын орун басарлары, кыздар кеңештин жооптуулары менен да бир топ иш чараларды өткөрүп, аларга адистик жардам берип келебиз. Ар кайсы факультеттердин студенттерине семинар-тренингдерди өткөрүп турабыз.

Кээ бир жарандарга пилоттук борбордун психиатр-врач, юрист менен да биргеликте комплекстүү иш жүргүзүү зарыл болот. Биз алар менен жагдайды талкуулап, план түзүп, системалуу иш жүргүзөбүз. Бир нече адистин мүмкүнчүлүктөрү бириктирилгенде, кайтарым байланыш жакшы болот

Мугалим, студенттер, кызматкерлерден башка Ош шаары жана региондордон да телефон чалуулар болуп турат. Ош шаарындагы дээрлик бардык мектептер менен иштешемин. Мындан эки жыл мурда “Көк кит” жана “Саат 4.00.дө тургуз” аттуу компьютердик психологиялык оюндар чыгып биздин канчалаган жаш өспүрүмдөрүбүз жабыр тартканы баарыбыздын эсибизде. Ошол жылдан тартып ушул күнгө чейин эле мектептерден социалдык педагогдор завучтар окуучуларды алып келишет. Кээ бир шаар тургундары балам, кызым мектепке такыр барбайм деп ыйлайт, кандай кеӊеш бересиз деп балдарын алып келишет. Мектепке чейинки балдар менен да кайрылышат.

Аутизм боюнча да көп балдарды диагностикалоо боюнча алып келишет о.э. аз камсыздалган үй-бүлөдөгү зомбулукка дуушар болгон жарандар колдоого муктаж болушат. Жанына кол салган кыздар балдарды алып келишет. Суицид боюнча Ходженттен окуп келдим эле. Аутизм боюнча атайын Бишкек шаарындагы “Рука в руку” борборунун курсунан окуп, тажрыйба алмашып келгенбиз. Окуган, билген тажрыйбам, чет өлкөдөн алган билимдерим элиме, жаш өспүрүмдөргө, кичине балдарга жана студент-жаштарга зарыл экендигин байкап турам.

Кээде кафедрага 3-4 бала менен ата-энелер келип калган учурлар болот. Анткени практик психологдор жетишпейт. Клиенттердин макулдугу менен студенттерибиз мындай консультацияларга катышып, үйрөнүшөт.

Жакында психолог-коуч профессор Сулейман Бий Евразия фондунун каржылоосу менен келип, психологияда окуган студенттерге акысыз тренинг өтүп, брейн-ринг ЖОЖдор аралык өткөрүп 10 миӊ сомдук китептерди тартуулап кетти.

Биздин психолог-студенттер, волонтёрлор жыл ичинде көптөгөн конок лекторлордун семинар-сабактарына катышып, теориялык-практикалык билимдерин өркүндөтүп турушат.

Албетте биздин Психологиялык лаборатория атайын изилдөө, диагностикалоо иштерин жүргүзүп турат. Аны менен гана чектелбестен, кыдырма консультацияларга чыгып турабыз. Быйыл сентябрдан бери Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокен райондору, Кочкор-Ата шаарчасы ж.б. жерлерге барып эл менен жолугушуп, кеп-кеңештерди берип келдик.

Эң негизгиси пациент менен иштөөдө кайтарым байланышка көп көңүл бурабыз. Албетте, иштерибиздин баарын өнөктөштөр менен биргеликте жүргүзөбүз. Ош шаарынын мэриясы, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы, жаш өспүрүмдөр менен иштөө мекемеси, шаардык ички иштер бөлүмү, Ош шаарындагы пилоттук реабилитациялык борбор, Ош шаарындагы психикалык ден соолук борборунун деректири Абдрахман Төлөнович, Ош шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун деректири Зарифа Акматовна, Ош шаарындагы балдардын координатор врачы Суусар Акимовна, Социалдык жактан коргоо мекемеси, Ош шаарындагы СПИД борбору, Ден соолукту чыңдоо борбору, Мэриянын алдында түзүлгөн үй-бүлө жана балдарга психологиялык жардам борбору, Балдар бакчалары, мектептер жана атайын мектептер, ж.б. менен иштешебиз. Евразия фонду, ЮНИСЕФ, Сорос фонду, ЮСАИД ж.б. өнөктөштөр менен биргеликте долбоорлорду жүргүзүп, “Смайл kg”, “Кол табы”, “Интербилим”, “Благодать”, “Мигранттардын мекемеси”, “Ар бир балага үй-бүлө”, аялдардын “Ак жүрөк”, “Аруулан”, ДИА кризистик борборлорунун психологдору менен тыгыз кызматташабыз.

Ош шаарында жайланышкан бардык массалык маалымат каражаттары да биз менен жакындан иштешет. ЭлТРден “Турмуш сабактары”, “Илим-билим”, “Ден соолук” ж.б. берүүлөргө катышып, “Ош Пирим”, “Ош”, “Нур”, “Ынтымак” ж.б. теле-радио каналдарга интервью берип турабыз.

Үй-бүлөдөгү ич-ара мамилелерди жөнгө салып, кичине балдарга, жаш өспүрүмдөргө мамиле жасоону үйрөнүп, аларды түшүнө билүүгө аракеттенсек, алар менен чогуу мультфильмдерди көрүп, чогуу талкууласак, бирге китеп окусак, жасаган иштерине оң баа берип, колдоо көрсөтсөк, абдан жакшы болот. Баланы терс жүрүм-туруму үчүн жазалоого ашыкпай, түшүнүүчүлүк менен көӊүл буруп, ал туш келген кырдаалдан чыгууга жол көрсөтүп, жалгыз эмес экендигин сездире, позитивдүү ойго багыттай билишибиз керек.

Албетте, мыкты педагог мыкты психолог болушу зарыл. Ошондуктан  мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана мектептерге атайын психолог кызматын ачуу зарыл. Биздин факультеттин деканы Муратбаев Бактыбек Бакасович бул программа менен иш алып барууга шарттарды түзүп, психология адистигине ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.

 

Акчач ЖОЛДОШЕВА, билим берүүнүн мыктысы, пед.и.к., доцент, ОшМУ Педагогика жана дене тарбия факультетинин психология адистигинин кечки, магистратура бөлүмдөрүнүн башчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер