ПРОКУРОРДОН БААЛУУ САБАК
- 15.10.2025
- 0
Ат-Башы районунда жаш муундун тарбиясына арналган өзгөчө маанилүү иш-чара болуп өттү. Бул жолугушууну райондук прокурор К.Нуруллаев өткөрүп, ага К.Мамбеталиев, Карыбек уулу Акматаалы жана Жаналиев атындагы мектептердин 9–11-класстарынын окуучулары, мугалимдер жана социалдык педагогдор катышты.

Жаштардын инсан болуп калыптанышы, туура тарбиянын коомдогу орду жана ар бир адамдын мекенге болгон жоопкерчилиги аталыштагы иш-чарада райондун прокурору К. Нуруллаев тарбия — улуттун келечеги экенине токтолду.
— Мекенге пайдалуу жаран болуу — бүгүнкү аракеттен башталат, — деди прокурор.
Бул сөздөр жаштарга чоң сабак болуп, ар кимди ойлонууга чакырды.
Маалыматка таянсак, иш-чарада тарбиянын мааниси, адамдын ички дүйнөсүн байытуу, коомго пайда келтирүү жана адептүүлүк менен жашоо тууралуу мисалдар келтирилди.
— Адам өзүн өзү тарбиялай албаса, башкаларды да тарбиялай албайт.Тарбия – бул акыл-насаат эмес, жашоо образы, — деди ал.
Бул ой катышуучуларды өзүнө кайрылууга, өзүн өнүктүрүүгө жана жарандык жоопкерчиликке үндөдү.
Маек интерактивдүү өттү. Ага окуучулар активдүү катышып, суроолорун берип, өз ойлорун бөлүштү.
Жыйынтыгында прокурор К.А. Нуруллаев мындай деди: “Туура жолго салынган бала — коомдун күчү жана бактысы. Ар бирибиз жаштарга туура багыт көрсөтүп, мекенге пайдалуу инсан болууга дем берели.”
— Философиялык жыйынтыкка келсек, туура тарбия — адамдын пайдубалы, адамгерчилик — ошол тарбиянын эң жогорку чеги. Чыныгы тарбия — сөз эмес, иш-аракет. Ал жүрүм-турум, мамиле жана күнүмдүк жашоодо көрүнөт. Бул жолугушуу жаштар үчүн чоң турмуш сабагы болду деп ойлойм. Ар бир өспүрүм өзүнө мотивация жана жоопкерчилик сезимин алып чыкты. Албетте, бакыт — күтүүдөн эмес, аракеттен жаралат. Анан дагы тарбия — бул акыл-насаат эмес, жашоо образы. Эгер ар бир үй-бүлө, мугалим жана жаран өз үлүшүн кошсо, анда коомдо адептүү, билимдүү жана мекенчил жаштар көбөйөт. Туура тарбия — улуттун келечеги! – деди прокурор.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер