ПРОБАЦИЯ ДЕПАРТАМЕНТИНЕ КОНОК ЛЕКЦИЯ ЖАНА ЭКСКУРСИЯ
- 19.03.2022
- 0
Экономика жана сервис колледжинин «Укук таануу» кесиби боюнча билим алып жаткан СП-1-20 тайпасынын студенттери үчүн конок лекция жана экскурсия уюштурулду. Лекцияны 18-мартта Пробация департаментинин окуу-усулдук бөлүмүнүн башкы адиси Гулжазира Махмутова окуду.
Жолугушуунун негизги максаты Пробация департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышуу жана студенттерди кесибине кызыгуусун күчөтүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара «Гуманитардык-укуктук дисциплиналар» ОУКсынын Кылмыш жана укук сабагынын окутуучусу Аида Ормонкулова тарабынан «ГУД» ОУКсынын жумалыгынын пландалган иш-чараларынын алкагында уюштурулган.
Бөлүшүү
Комментарийлер