ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖАЗГАН БӨБӨКТӨРДҮН КАТЫ ЖООПСУЗ КАЛГАН ЖОК

  • 26.12.2023
  • 0

Талас облусунун Манас  районундагы И.Отунбаев орто мектебинин 2-классынын окуучулары Сүйүнбекова Луиза, Элиза КРнын Президенти С.Жапаровко кат жазып, жаңы жылга белек берүүсүн суранышкан.

ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖАЗГАН БӨБӨКТӨРДҮН КАТЫ ЖООПСУЗ КАЛГАН ЖОК

Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси С.Бейшенованын маалыматы боюнча, кичинекей эгиздердин кыялдарын  ишке ашыруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги  тарабынан чакан белектер камдалып, Талас билим берүү усулдук борборуна жөнөтүлгөн. 2023-жылдын 25-декабрында эгиздерге  белектер тапшырылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер