“ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ – ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАТМАНЫ” АТТУУ КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ
- 05.12.2025
- 0
Бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбековдун “Президент Садыр Жапаров – Жаңы Кыргызстандын жаратманы” аттуу жаңы китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, КР Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов, КР Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, академиктер, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер катышты.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, автордун эмгегине жогору баа берди:
“Лидерлер басып өткөн жолу, күчтүүлүгү жана эрктүүлүгү менен айырмаланат. Илимий жана далилдүү фактыларга таянуу менен жазылган бул китепте өлкөнүн тарыхы менен экономикасы кеңири талданыптыр. Эмгек жаштар үчүн лидерлик феномени, жетекчинин мүнөзү жана иши тууралуу түшүнүк берчү мыкты булак болуп саналат”, – деди министр.
Жаңы китепте президент Садыр Жапаровдун балалык чагынан баштап, өз алдынча калыптануусу, мамлекеттик башкаруунун эффективдүү моделин издөөдөгү аракеттери, акыркы жылдары жүргүзгөн ири реформалары жана жетишкендиктери тууралуу кеңири баяндалат.
(БК)
Комментарийлер