ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: “МУГАЛИМДИК, ТАРБИЯЧЫЛЫК КЕСИП – ЖЕР ЖҮЗҮНДӨГҮ ЭҢ УЛУУ КЕСИП”
- 20.11.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн быйылкы республикалык “Жыл мугалими – 2024” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Гран-прини жана «Жылдын мыкты мугалими» номинациясын жеңип алган ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбековага батирдин сертификатын, калган жеңүүчүлөргө 300 миң, 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырды. Сыйлоо аземине билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.
«Мугалимди коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз маанилүү»
Президенттик администрациянын таркаткан маалыматына таянсак, мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө өлкөнүн эртеңки келечегине кам көрүү – өлкө жетекчилигинен тарта ар бир ата-энеге чейин жүктөлгөн ыйык милдет экенин айтты.
Андан соң ал, бекеринен мугалимдик, тарбиячылык кесип – жер жүзүндөгү эң улуу кесип катары сыпатталбаса керек экенин, биздин жашообуздагы жетишкендиктердин бардыгы – мугалим менен тарбиячынын талыкпаган эмгегинин үзүрү экенин эч ким тана албарын баса белгиледи.
— Бүгүн биз ошол мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыздын эмгегин татыктуу баалоо, билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатында өткөрүлгөн „Жылдын мыкты мугалими“, „Мыкты тарбиячысы“ сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында турабыз, — деди Президент.
Садыр Жапаров эң алды өмүрүн балдардын туура тарбия, терең билим алуусуна арнаган, келечекке жол чапкан, „мугалим“, „тарбиячы“ деген улуу атты алып жүргөн сыйлык ээлерине ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын, жалпы эле көп этностуу элибиздин тагдыры мектептеги билим берүүнүн абалы менен тыгыз байланыштуу экенин белгиледи. Кайсы заман болбосун, тандаган мугалимдик, тарбиячылык кесибин жандай сүйгөн татыктуу адистер мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүндө чечүүчү ролду ойноору, коомдун алдыга жылышына чоң таасир тийгизген. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө мугалимдин ролу жогорулап, ага жасалган мамиле да барган сайын өзгөрүп жатат.
Садыр Жапаров мындан улам, жалпы мамлекеттик саясаттын негизи катары мектептик билим берүүнү эл аралык талаптарга ыңгайлаштыруу милдети коюлганын белгиледи. Бул багыттагы “Алтын Казык” программасы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө атаандашууга жөндөмдүү болууга тарбиялай турган, ага жараша билим бере турган программа катары кабыл алынды.
Ал класс жетишсиздигин жоюу максатында мектептер, бала бакчалар, кошумча корпустар курулуп жатканын канааттануу менен айтып өттү. Муну менен катар эле окуу-методикалык базаны, бардык окуу китептерин, стандарттарды толугу менен жаңылоого даярдыктар көрүлүүдө. Шартка жараша кыска мөөнөттүү бала бакчалар дагы уюштурулууда.
Садыр Жапаров учурда билим менен маданиятты боюна терең сиңирип, аларды кийинки муунга жайылтууга жан үрөгөн, мындай бийик сапаттары менен интеллигент инсан катары башкалардан айырмаланып турган мугалимдер менен тарбиячыларга мамлекет тарабынан ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, көңүл бурулуп жатканын айтты.
Президент „Мыкты мугалим“, „Мыкты тарбиячы“ сынактары мурдатан эле жарыяланып келе жаткан болсо дагы, өлкөдө таланттуу педагогдорду колдоо жана сыйлоо, алардын билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы татыктуу бааланышы үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында „Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө“ атайын Жарлык кабыл алынганын белгилей кетти.
Мамлекет башчысы жакында эле болуп өткөн кейиштүү окуяга — бир окуучунун апасы мектеп мугалимин „баламды урушасың“ деп тилдегенине капа болгонун айтты. Ал 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр дагы барып токтотууга укугу жок экенин баса белгиледи. Ал эми бул жосунсуз жорукта 45 мүнөт сабак токтогону аз келгенсип, „мугалим“ деген улук аттын кадыр-баркы тебеленип, ошол жерде мугалим болсом деген канча окуучунун ой-кыялы талкаланды.
Садыр Жапаров мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол берилбеши керектигине токтолду. Мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз маанилүү. Тамга таанытып, көзүбүздү ачып, ушул деңгээлге жеткирген мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыз бир эле мектеп менен бала бакчаларда эмес, кайсы жерде болбосун, бийик сый-урматка татыктуу болушун камсыз кылышыбыз шарт!
Сөзүн аяктап жатып, Президент Садыр Жапаров бардык мугалимдер менен тарбиячылардын баа жеткис эмгегин белгилеп, бүгүнкү сыйлыкка алып келген терең билим жана бай тажрыйба ушул мектептерде же бала бакчаларда гана калбашы керектигин белгиледи. Башка мугалимдер жана тарбиячылар менен педагогикалык чеберчиликти бөлүшүү маанилүү.
Ошентип, Президенттин колунан «Жылдын мыкты мугалими» номинациясын жеңип алган ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова батирдин сертификатын алды. Ал эми мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими – Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплексинен Атыркүл Рыскелдиевага, мыкты математика мугалими – Ат-Башы районундагы А.Осмоналиев атындагы мектептен Бүбүайша Жумуковага, жылдын мыкты тарбиячысы — Махабат Калмаматоваларга 300 миң сомдук сертификат тапшырылды. Ал эми мыкты башталгыч класстардын мугалими – Ош шаарындагы №32 Жолон Мамытов атындагы орто мектебинен Гулнур Балтабаева, мыкты орус тили жана адабияты мугалими — Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясынан Мээрим Алмаз кызы, мыкты тарых мугалими – КР Президенттик “Акылман” лицейинен Азирет Заидов, мыкты чет тил мугалими – Бишкек шаарындагы И.В.Гёте №23 окуу-тарбия комплексинен Чолпон Калтаева, мыкты география мугалими – Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинен Нуристан Марат уулу, «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалими – Өзгөн районундагы Тагай Асранов атындагы №6 инновациялык орто мектебинен Сайрагүл Көчкөнбаева, мыкты көркөм-сүрөт искусствосу мугалими – Талас районундагы Султанбеков атындагы орто мектебинен Мирзат Байдалиев, жылдын мыкты методисти Насип Кубаталиева, мамлекеттик тилдин мыкты мугалими Аида Сулайманова жана мыкты музыкалык кызматкери Жумабек Дуйшеналиевдер 200 мин сомдук сертификаттар менен сыйланышты.
Биринчи жолку чоң байге
Билим берүүнүн тарыхында биринчи жолу сынакка чоң байге коюлган эле. Эми баш байгенин жеңүүчүсү батирлүү болот. Эсиңерге сала кетсек, сынакка жети дубандан 17 предмет боюнча эң мыкты деп аталган 128 мугалим, 28 тарбиячы катышкан болчу. Үч тур менен өткөн сынакта 11 мугалим алдыга суурулуп чыгып, «мыкты мугалим» деген номинацияга ээ болгон.
— Ош шаарында Мамлекеттик ипотекалык кампания куруп жаткан үйдөн, буюрса, 2026-жылы 1 бөлмөлүү батирдин ээси болом. Бүгүн сертификатын алдым. Сүйүнүчүмө чек жок, өлкө башчыбызга терең ыраазычылыгымды билдирем, — деди баш байгенин ээси Н.Каныбекова.
Назгүл Каныбекова 1990-жылдын 19-майында Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында карапайым адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Ал тогуз бир туугандын эң кичүүсү. Назгүл 1997-жылдын 1-сентябрында Сатыбалды Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебине 1-класска кирип, 2008-жылы артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин математика адистигине тапшырып, 2014-жылы бул окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ушул эле жылы аталган окуу жайдын магистратура бөлүмүнө тапшырып, 2016-жылы аны дагы артыкчылык диплому менен аяктаган.
Сынактын жеңүүчүсү 2014-жылдан бери ОшМУнун “Билим” лицейинде окуучуларга математика сабагынан билим берип келатат. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын энеси. Жолдошу Балажан Ахматов, Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде дене тарбия мугалими болуп эмгектенет.
Ийгиликтин ачкычы
— Ар бир ийгилик, ар бир жакшылык жөн жерден келе калбасы белгилүү. Анын артында көп жылдык мээнет, аракет, ата-эненин, устаттардын батасы, ыраазычылыгы турат. “Дагы кайсы чиновниктин тууганы?” – деген соцтармактагы комментарийлерди окуп алып жылмайдым. Анткени мен карапайым үй-бүлөдө төрөлүп, чоңойдум. Карапайым үй-бүлөгө келин болуп келдим. Тогуз бир туугандын эң кичүүсүмүн. Кечээ конкурстун жыйынтыгы чыкканда ата-энеме чалып, мени төрөп чоңойткону үчүн ыраазычылык билдирдим, — дейт Назгүл.
Биздин каарманды ыраматылык Каныбек Исаковдун кызы деп да чыгышты. Анткени ал чындыгында эле Каныбек агайдын шакирти болгон.
— Айрым суроо салгандарга ал киши экинчи атамдай болуп калган устатым экенин түшүндүрдүм. Атамдай болуп калганы, кызындай кам көргөнү жалган беле. Тирүү болгондо терисине батпай барбалаңдап сүйүнмөк, кайран гана агайым!.. Адамдын жашоосундагы эң чоң бактысы – жакшы мугалимге туш болушу экенине ынанам. Анткени мектепте да, университете да эң жакшы устаттарга туш болдум. Мен ар бир жасаган ишимди конкурс үчүн, жеңиш үчүн деп аракет кылган эмес элем. Жөн гана ар бир сабагыма окуучулардын алдында уят болбоого тырышып, алардын суроолоруна жооп таба албай калбайын, математиканы ар биринин дараметине, деңгээлине, кызыгуусуна жараша окутайын деп жүрүп олтурдум. Ошондуктан мени мугалим катары таптаган биринчи сынчыларым – окуучуларым, — дейт жеңүүчү.
“Оюнум да, оюм да, басканым да, турганым да мугалимди туурап атып мугалим болуп калдым”
— Ар бир баланын шыгына, дараметине, деңгээлине жараша математиканы окутуу – бул менин “идеологиям”. Кепти бир аз алыстан, мугалимдик кесипти кантип тандап калгандыгымдан баштагым келип турат. Баланын чоңойгондо ким болору анын кичинесинде ойногон оюнунан эле билинет экен деп ойлоп калдым. Кичинекей кезимде мени атам менен апам “басканын кара, басканын, эжекенин басканындай” деп эркелетишчү. Анда мен ансайын боюмду түзөп, согончогумду көтөрүп (эжекемин туфли кийгенин туурагым келген го), какайып басчумун. Эч качан өзүмөн чоңдор менен ойногон эмесмин. Жалаң гана өзүмдөн кичинелерди айланама топтоп алып ойногон жакчу. Эки жакка эки тазикти көмөрө коюп, анын үстүнө узун тактайдан жаткырып парта жасап, таштардан олтургуч тизип, ашкананын артына, көңкананын жанына дароо эле “Дүйшөндүн мектебин” кура кетчүмүн. Алар кичинекей да, али окуй элек. Үйүндө дептер-ручкасы жок. Ошондуктан өзүм аларга эки сомдук көк дептерди ортосунан кыркып, сыртына аты-жөнүн жазып, анан кленка пакет менен сырттап… Пакеттен дептер тыш жасоо да өзүнчө керемет иш. Аны тегиздеп кыркасың, бириккен жерлерин күкүрттү күйгүзүп туруп басып-басып койсоң өзүнчө эле “дельфин” тыш дапдаяр. Ошентип, ар биринин колуна карматам. Сабактан кийин сөзсүз жыйнап алам. Антпесе кайран мээнет күйбөйбү.
Кудум эжекемди туурап эшиктен кирип, алар менен саламдашып өзүмө даярдаган “өзгөчө” орундукка олтуруп, сабак баштайм. Көбүнчөсү мактап, алакандарына, дептерине беш коюп берем. Өтө берилип кеткенде уруша кетем, эки да коюп жиберем. Андайда окуучуларым “мен ойнобойм” деп кетемге түшөт. Кайра эле өзүм жалдырайм “эжеке деген калп эле урушат да” демиш болуп.
Доскабыз – сыртынын краскасы көчкөн көк трактордун эшиги. Бор маселесине келсек акыбалым оор болчу. Азыр ойлоп көрсөм, ошол кезде доскага жазган ак борлор таңкыс болгон окшойт. Себеби менин эжекем 2-3 борду кагазга ороп келип жазып, кайра сабактын аягында унутпай кагазына тамекини орогондой көздү кызартып ороп, кайра алып кетчү. Унутуп калса экен деген тилегимди таш каап кала берчүмүн. Анткени менин борум – кадимки отко күйүп бүткөн жыгач – көө эле. Трактордун эшигине жакшы эле жазылчу. Болгону кайра өчүрүү кыйын эле. Колдорум капкара болуп, тилик-тилик болуп жарылып кеткенине деле кайылмын.
Ошентип, оюнум да, оюм да, басканым да, турганым да мугалимди туурап атып бул кесипке болгон сүйүүм артып мугалим болуп калдым.
XXI кылым – илим менен техниканын кылымы деп айтып келебиз. Илимде да, техникада да болуп көрбөгөндөй чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ушундай заманда биз 20-30 жыл мурдагы методдорубуз менен эле балдарды окута берсек, анда биз алардын келечегин уурдаган болоорубуз айкын. Бүгүн биз ар бир баланын деңгээлине, шыгына, кызыгуусуна жараша предметибизди багыттабасак болбойт.
Бул окуучуларды жакшы-жаман деп бөлүүгө алып келет дешиңиз мүмкүн. Жок, андай эмес. Бул ар бир баланын туруктуу өнүгүшүнө алып келет. Үйдө да 5 жашар кызыңызды дандырга нан жап деп урушпайсыз да, дандырга нан жапканды билбей атат деп капа да болбойсуз. Андан көрө чаң аарчы деген тапшырма берсениз, кызыңыз да апама жардам берип жатам деп мунун кубануу менен жасайт. Класста да ар бир окуучу математикадан коюлган тапшырмаларды чыгара алганына кубанат, шыктанат, умтулуу пайда болот.
Совет педагогу математик-физик Виктор Федорович Шаталов: “Окуй албаган бала болбойт, окута албаган мугалим болот” деген. Окуудагы жакшы жыйынтыктын кепилдиги – бул мугалим тарабынан класста түзүлгөн жагымдуу, чыгармачыл атмосфера. Муну Шаталов “туздалган бадыраң принциби” деп атаган. “Эгерде банкадагы туздалган сууга бадыраңды салсаң ал кааласа да, каалабаса да туздалган болот” деп айтканы бар. Андыктан бардык бала окууга, ишмердүүлүккө тартылган класста окубай олтурган баланын өзү болбойт, — дейт жеңүүчү.
Сынактын жыйынтыгы чыкканда Назгүлгө чалып, сүйүнчүлөсөм, ыйлап жиберген. Көрсө, турмуштун айынан жолдошу үй алганга акча топтоп келейин деп Россияга мигрант болуп кеткен экен.
— Эгерде үй утсаң, анда келем деди жолдошум. Менин кызым да үй алсак деп тилей берет. Буюрса, тилегибиз орундалды, — деп кудуңдады.
“Жакшы тилек, жарым ырыс” демекчи, сынакка коюлган баш байгенин сертификатын Президенттин өзүнүн колунан алды.
Сыйлык жалкы – сыймык жалпы дегендей, сыйлык ээлерин куттуктайбызЙ
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер