ПРЕЗИДЕНТ ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА ӨЛКӨНҮН ТУУСУН ТАПШЫРЫП, ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАДЫ

  • 21.07.2024
  • 0

ПРЕЗИДЕНТ ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА ӨЛКӨНҮН ТУУСУН ТАПШЫРЫП, ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАДЫ21-июлда Президент Садыр Жапаров саналуу күндөрдө Париж шаарында баштала турган ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган спортчулар менен жолугуп, Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну салтанаттуу кырдаалда тапшырды.

Мамлекет башчысы олимпиадачылардын алдында сүйлөп жатып, Олимпиада — бул дүйнөлүк масштабдагы ири иш-чара экенин, дүйнөлүк спорт тарыхында абдан маанилүү орунду ээлерин белгиледи. Ошондуктан Олимпиадада ар бир өлкө жалаң алдыңкы орундарды багындырып, жеңиштерге жетүүгө жан үрөп, намыс талашат.

ПРЕЗИДЕНТ ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА ӨЛКӨНҮН ТУУСУН ТАПШЫРЫП, ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАДЫСадыр Жапаров эгемендик жылдар аралыгында 1996-жылы Атланта олимпиадасынан бери өлкөбүз жалпы 7 Олимпиада медалын: 3 күмүш жана 4 коло жеңип алганын эске салды. Алардын баары жайкы Олимпиадалык оюндарда жетишилген ийгиликтер, жеңиштер болгон эле. 2000-жылы Сиднейде дзюдочу Айдың Смагулов коло медаль утуп, эгемен өлкөбүздүн байге эсебин ачкан.  2008-жылы Бээжинде балбандар Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуруев коло медалдарды жеңип алган. Кечээ жакынкы  2021-жылы  эле Токиодогу олимпиадалык күч сынашууларда Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов күмүш медалдарды, Мээрим Жуманазарова болсо коло медалдарды жаркыратып тагынып келишкен спорттук баяндамачы катары жеринен түз репортаж берип, күбө болгон элем.

ПРЕЗИДЕНТ ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА ӨЛКӨНҮН ТУУСУН ТАПШЫРЫП, ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАДЫПрезидент жакында боло турган жайкы Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 жолдомого  ээ болгонун айтты. Мамлекет башчысы алардын басымдуу бөлүгү  спорттук күрөш боюнча экенин баса белгиледи. Күрөш — биздин олимпиадалык спорттун түрлөрүнүн ичинен негизги локомотиви болуп, Кыргызстан бүт дүйнөгө таанылып,  балбандарыбыз өлкөбүздү даңазаланды.

“Бүгүн бул жерде үч жылдан бери кайрат-күчүн жыйып, талап кылынган тартипти катуу сактап, өжөрлөнө машыгып, акыры Кыргызстандын намысын коргоо укугуна ээ болгондор чогулуп отурушат. Дегеле соңку жылдары өлкөбүздө спорт жаатында күчтүү жаш муун өсүп келатат. Биздин спортчуларыбыздын келечеги али алдыда!” – деп белгилеп, Садыр Жапаров ары мекенчил, ары күчтүү, ары адептүү уул-кыздарды тарбиялап таптап, өстүрүп, дүйнөлүк майданга алып чыгып, Кыргызстандын атын таанытып жаткан жалпы машыктыруучулар жамаатына кесипкөйлүгү менен таланты, мээнети үчүн ыраазычылык билдирди.

ПРЕЗИДЕНТ ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА ӨЛКӨНҮН ТУУСУН ТАПШЫРЫП, ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАДЫПрезидент өз сөзүндө, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо бекем пайдубал болгон спорттун маанисин өлкө жетекчилиги абдан жакшы түшүнөрүн да айта кетти.

“Мындан улам мамлекет тарабынан спортту өнүктүрүүгө чоң инвестициялар салынып жатат. Спортто жүрүп жаткан процесстер өлкөбүздүн жалпы өнүгүүсүнө бараандуу салым кошууда. Натыйжада жыл сайын спорттун бедели жогорулап, спортту жашоо мүнөзүнө айланткан тарапкерлер, ошону менен бирге күйөрмандар да көбөйүүдө. Бул – албетте, абдан жакшы көрүнүш! Биз мындан ары да дене тарбия жана спорт менен машыгууга бардык шарттарды түзүп берүүгө бүт аракетибизди жумшайбыз”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Кыргызстан алтын медалга бир кадам жетпей калганын эске салды. Андан бери 3 жыл өттү. 3 жылдан бери Кыргызстан бардык тармактар боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Өлкөнүн саясий позициясы бекемделди, экономикалык мүмкүнчүлүктөр артты, жарандардын жашоо-шарттары жакшырууда. Курулуш боюнча ири долбоорлор өз күчүбүз менен жүзөгө ашырылып жатат, алардын арасында спорттук инфратүзүмдөр дагы бар.

“2021-жылы сиздер менен жолукканда биздин жалпы максатыбыз — 2024-

ПРЕЗИДЕНТ ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА ӨЛКӨНҮН ТУУСУН ТАПШЫРЫП, ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАДЫжылдагы Париж Олимпиадасында биринчи орундарды камсыз кылуу, алтын медаль жеңүү деп айттым эле. Бул менин эле сөзүм эмес, элдин дагы суроо-талабы, үмүт-тилеги болгон. Мына ошол үмүт-тилектерди актоого мезгил келди деп ойлойм. Эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхындагы биринчи алтын медалын жеңип, Көз карандысыз Кыргызстандын 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата белек кыласыңар деп бекем ишенем”, — деп баса белгиледи Президент.

Садыр Жапаров олимпиадачылар алдында сүйлөп жатып, олимпиадалык алтын үчүн күрөш өтө курч болоорун, бирок биздин спортчуларыбыз кандай гана кыйын таймаштар болбосун тайсалдап калбасын баса белгилеп өттү.

ПРЕЗИДЕНТ ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА ӨЛКӨНҮН ТУУСУН ТАПШЫРЫП, ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАДЫ“Тескерисинче, мындай кыл чайнашкан учурлар спортчуларыбызды чыйралтып, ого бетер күчтүү, ого бетер намыстуу, ого бетер ишенимдүү кылып келген. Айкөл Манас баштаган бабаларыбыздын көк жалдыгын, көздөгөнүнө жете билген өжөрлүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында көрсөтөсүңөр деп ишенем. Силер 7 миллион кыргызстандыктын ой-санаасында турасыңар, силерди жүз миңдеген мекендештериңер жеңиш менен күтөт”, — деп, Мамлекет башчысы олимпиадачыларга дем-күч жана жеңишке болгон бекем эрк каалады.

Салтанаттуу иш-чаранын аягында Президент Садыр Жапаров улуттук олимпиадалык курама команданын капитаны, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, атактуу балбан Акжол Махмудовго Кыргызстандын Мамлекеттик желегин тапшырды.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”ПРЕЗИДЕНТ ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА ӨЛКӨНҮН ТУУСУН ТАПШЫРЫП, ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАДЫПРЕЗИДЕНТ ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА ӨЛКӨНҮН ТУУСУН ТАПШЫРЫП, ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер