ПРЕЗИДЕНТ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

  • 05.09.2024
  • 0

ПРЕЗИДЕНТ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ4-сентябрда “Ынтымак ордодо” Президент Садыр Жапаров 17 жаштагы (U-17) өспүрүм уландар арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген жаш балбандар менен жолугуп, аларды жеңиштери менен куттуктады.

Мамлекет башчысы жаш балбандар менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын Эгемендик майрамын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын салтанаттуу белгилөөнүн алдында жалпы кыргыз элине алар жакшынакай белек тартуулаганын баса белгиледи.

ПРЕЗИДЕНТ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫСадыр Жапаров дегеле быйыл Кыргызстандын спортчулары үчүн жемиштүү жыл болгонуна да айтып өттү. Жакында эле Париж шаарында өткөн Жайкы олимпиада оюндарында кыргызстандыктар 6 медаль утуп, кыргыз спортунун тарых барагын да жаңыртышты.

“Мунун өзү — өлкөбүз үчүн чоң сыймык жана чоң жетишкендик десек болот! Акыркы жылдары кыргыз спортчулары өлкө намысын татыктуу коргоо менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын кызыл туусун бийик желбиретип келе жатышат”, — деди президент.

Мына ошол Олимпиада оюндарында жеПРЕЗИДЕНТ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫңишке жетишкендиктери дем-күч болуп, жаштарды шыктандырды деген ой-тилегин билдирди. Тилекке жараша Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн уландар арасындагы дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча Курстанбек Исаков, Өмүрбек Асан уулу, Рустамжан Кахаров алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиондору болушса, Марлен Абдраимов коло медалдын ээси болду. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Кутман Калбаев күмүш медаль, Бекжан Бейшембаев коло медаль жеңип, олжолуу келишти.

“Өлкө намысын коргогон эр-азаматтар килем үстүндө кара күчүнө шай келген чеберчилигин гана көрсөтүшпөстөн, кыргыздын айкөлдүгүн дагы дүйнө жүзүнө даңазаладыңар десек жаңылышпайбыз. Катуу мертинип калган америкалык атаандашына кол сунуп, килемден көтөрүп чыккан Өмүрбек уулубуз адамгерчиликтин жеткен чеги, жөнөкөйлүк жана кыргыз пейили кандай болорун айгинеледи.

Чынында эле биздин балбандарыбыз атаандашын алып тынмайынча жазбаган көктүк мүнөз менен күрөшөт. Керемет ыкмалар менен атаандашынын далысын жер жыттатып, көрүп жаткан күйөрмандардын көөнүнө толот. Анан “мен уттум!” деп айгай салбай, жеңишин кыргыз элине, Ата Мекенине арнашат”, — деди Садыр Жапаров.

ПРЕЗИДЕНТ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫМамлекет башчысы мындай көкжалдык, атаандашын сыйлай билгендик — Айкөл Манас атабыздан калган асыл сапаттар, -деп белгиледи.

“Мына ошондуктан силерге, урматтуу жаш балбандар, спорт аркылуу өлкөбүздүн дүйнө айдыңындагы кадыр-баркын көтөрүп жатканыңарга өзүмдүн жана жалпы кыргызстандыктардын атынан терең ыраазычылыгымды билдирем. Албетте, “Кыргыз элинин бир ууч топурагына жараган, Кыргызстандын бир ыптасын чойгон уулдардан болсо экен” деп тарбиялаган ата-энелериңерге ыракмат. Ошондой эле талантын байкап, жөндөмүн баалап, таптап жүрүп олтуруп, чоң мелдештерге салган машыктыруучулар Азат Мирахимов менен Дастан Муктаровдун да эмгеги зор. Сиздерге да терең ыраазычылык билдирем”, — деп белгиледи президент.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы спортчуларды ар кандай чөйрөлөргө, криминалдарга, саясий оюндарга аралашпоого чакырды.

ПРЕЗИДЕНТ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ“Мына ушул жерден жалпы Кыргызстандын жаштарына кайрылгым келет. Спорт менен машыккыла. Спорт – ден-соолуктун булагы, спорт – дүйнөнүн элчиси деп бекер айтылган эмес. Албетте, билимди да биринчи орунга койгула. Ар кандай ою жаман топторго жетеленип кетпегиле.

ПРЕЗИДЕНТ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫКыргыздын тайманбас эр-азамат уулдары катары кыйынчылыктардын баарын жеңип, кийинки Олимпиада оюндарында кызыл байрагыбызды бийик желбиретүүгө даярданышыңарды талап кылам. Анткени силер — кыргыз спортунун келечегисиңер, кыргыз элинин үмүтүсүңөр!” – деп президент Садыр Жапаров алдыдагы Олимпиада оюндарында кыргыз элинин намысын коргоо менен чемпион болушун каалады.

ПРЕЗИДЕНТ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫАндан соң мамлекет башчысы дүйнө чемпионатынын байге ээлерине жана алардын машыктыруучуларына баарына акчалай сыйлыктардын сертификаттарын салтанаттуу кырдаалда  тапшырды.

ПРЕЗИДЕНТ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫДүйнө чемпионатында ийлигилик жараткан жаш балбандардын баардыгы Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Шералы Сыдыков атындагы  республикалык спорттук коллеждин жана Бишкек шаарындагы  “Тайманбас” Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучулары болуп саналат.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер