ПОРТФОЛИО – МУГАЛИМДИН АКЫЛЫ, НАМЫСЫ ЖАНА АБИЙИРИ

  • 11.03.2026
  • 0

Мындан ары ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүлгөн талапкерлердин ишмердүүлүгү алардын электрондук портфолиосунда камтылган маалыматтарды санариптик талдоонун негизинде бааланат. Система бекитилген критерийлер боюнча талапкерлердин тизмесин автоматтык түрдө түзөт.

Бул критерийлерге мугалимдин квалификациясын жогорулатуу көрсөткүчтөрү, методикалык жана автордук иштелмелери, кесиптик жетишкендиктери, педагогикалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, ошондой эле конкурстарга жана башка маанилүү иш-чараларга катышуусу кирет.

ПОРТФОЛИО – МУГАЛИМДИН АКЫЛЫ, НАМЫСЫ ЖАНА АБИЙИРИ

Мугалимдин биринчи жардамчысы ким?

Бүгүнкү күндө мугалимдер үчүн сабакка даярдануу мурдагыга караганда кыйла жеңилдеди. Интернеттеги ар түрдүү билим берүү платформалары мугалимдерге чоң жардам берүүдө. Ал эми мугалимдин портфолиосу анын кесиптик дараметин чагылдырган күзгү болуп калды.

Совет доорунда партияны “биздин эпоханын акылы, намысы жана абийири” деп аташкандай, бүгүнкү күндө мугалимдин портфолиосу да анын кесиптик ишмердүүлүгүн толук чагылдырган документ болушу керек. Демек, азыр өтө актуалдуу болуп жаткан суроо – мугалимдин портфолиосу кандай болушу керек?

Албетте, мугалимдин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүдө заманбап технологиялардын ролу чоң. Бирок бул процессте адам фактору дагы деле эң жогорку орунда турат. Ошондуктан мугалимде биринчи кезекте баланы сүйүү, өз кесибин ардактоо сыяктуу бийик сапаттар болушу шарт.

Кемин районундагы Тентике Өмүралиев атындагы Алмалуу орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими жана усулдук бирикменин жетекчиси Асел Асаналиеванын айтымында, мугалимдин биринчи жардамчысы – бул мугалимдин өзү.

— Азыр технологиялар өнүккөн заманда мугалимдин иши кыйла жеңилдеди. Президентибиздин колдоосу менен Агартуу министрлиги мугалимдерге керектүү билим берүү платформалары жүктөлгөн ноутбуктарды бекер таратууда. Бул — мугалимдер үчүн чоң жардам жана жакшы мотивация.

Учурда изденип иштеп, окуучуларга сапаттуу билим жана тарбия берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Быйылкы окуу жылынан баштап күндөлүк пландарды электрондук жана кагаз түрүндө бирдей колдонуп жатабыз. Электрондук план мугалим үчүн абдан ыңгайлуу экен.

Албетте, азыркы окуучулар үчүн заманбап технологиялар менен өтүлгөн сабактар кызыктуу. Бирок теманы кызыктуу жана жеткиликтүү түшүндүрүү мугалимдин жеке жөндөмүнө жана чеберчилигине байланыштуу. Эгер тема кызыксыз берилсе, технология колдонулган сабак да окуучуларга кызыксыз болуп калышы мүмкүн.

Азыр мугалимдер маалыматтарды ар кандай билим берүү платформаларынан алышат. Мен өзүм маалыматтарды Ай билим, Теле сабактар, Баалоо аптасы, КАО сайты жана башка билим берүүчү сайттардан пайдаланам. Бул ресурстар сабакты жаңыртып, жаңы ыкмалар менен өткөрүүгө чоң жардам берет, — дейт жаш адис.

Мугалимдин мотивациясы

Асел Асаналиеванын пикиринде, мугалим чыгармачылык менен иштеши үчүн жетекчиликтин колдоосу өтө маанилүү. Бул колдоо сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да көрсөтүлүшү керек.

— Ар бир адам сыяктуу эле мугалимге да мотивация керек. Мотивациясыз сапаттуу иш алып баруу жана жакшы жыйынтыкка жетишүү кыйын. Ошондуктан администрациянын колдоосу мугалимдин ишинин сапатына түздөн-түз таасир этет.

Мугалим өз ишмердүүлүгүн көбүнчө өзүнүн классында жүргүзөт. Ал класс жетекчи катары классты жасалгалап, ар түрдүү темадагы көргөзмөлөрдү, тарбиялык бурчтарды уюштурат. Мындай иштерди окуучулардын катышуусунда даярдоо өзгөчө таасирдүү болот.

Жөнөкөй, түшүнүктүү жана кызыктуу даярдалган материалдар окуучулардын көңүлүн буруп, алардын сабакка болгон кызыгуусун арттырат, — дейт ал.

Мугалимдин айтымында, мектептин жашоосуна мугалим менен окуучудан тышкары ата-энелер да активдүү катышуусу керек.

— Азыр балага билим берүү милдети көбүнчө мектепке жүктөлүп, ата-энелердин ролу экинчи планга жылып калгандай сезилет. Бирок буга ата-энелер гана күнөөлүү деп айтууга болбойт. Мугалим да демилге көтөрүп, ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүшү керек.

Бүгүнкү күндө мобилдик байланыш бул ишке чоң жардам берип жатат. Чаттар жана WhatsApp топтору аркылуу ата-энелер баласынын окуу процессине гана эмес, мектептин жалпы ишмердүүлүгүнө да активдүү катышууга мүмкүнчүлүк алышууда, — дейт ал.

ПОРТФОЛИО – МУГАЛИМДИН АКЫЛЫ, НАМЫСЫ ЖАНА АБИЙИРИ

Мугалимдин портфолиосу деген эмне?

Портфолио — мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүн, жетишкендиктерин жана тажрыйбасын чагылдырган документтердин жыйындысы. Ал мугалимдин ишин баалоодо, аттестациядан өтүүдө же жумушка орношууда маанилүү роль ойнойт.

Мугалимдин портфолиосунун негизги бөлүмдөрүнө төмөнкүлөр кирет:

— жалпы маалыматтар (аты-жөнү, билими, адистиги ж.б.);

— педагогикалык ишмердүүлүк тууралуу маалыматтар (окуткан предмети, сабак берген класстары, окуу программалары, сабак пландары);

— методикалык иштер (ачык сабактар, методикалык иштелмелер, презентациялар, автордук материалдар);

— окуучулардын жетишкендиктери (олимпиадалар, конкурстар, долбоорлор, сертификаттар);

— мугалимдин жеке жетишкендиктери (дипломдор, сыйлыктар, сертификаттар);

— кесиптик өнүгүүсү (семинарлар, тренингдер, конференциялар, квалификацияны жогорулатуу курстары).

Электрондук же кагаз түрүндө даярдалган портфолио тартиптүү, системалуу болуп, далил катары документтер, фотосүрөттөр, сертификаттар жана пландар менен толукталышы керек.

Изденүү менен иштеген мугалимдер портфолиосунун мазмунун өз демилгелери менен байытып келишет. Мисалы, Ноокат районунун Улуу-Тоо айылындагы мектептин ардагер мугалими Абдиназар Эргешовдун портфолиосу жаш адистер үчүн жакшы үлгү болуп эсептелет.

Ал насаатчы мугалим катары предметтик сабактардан тышкары билим берүү мыйзамдары, окуу программалары, токтомдор жана буйруктар камтылган бир катар темаларды иштеп чыккан. Анын “Ата-энелер менен иштөө”, “Улуу ойчулдар”, “Акыл мурастары”, “Чыныгы достук деген эмне?”, “Реформатор министр”, “Талантка таазим” сыяктуу темалары жаш адистер арасында өзгөчө кызыгууну жараткан.

Чыгармачылык менен иштеген ардагер мугалим өз тажрыйбасы менен райондук “Чыгаандардын чыйыры” бирикмесинин мүчөлөрү менен да үзгүлтүксүз бөлүшүп келет.

Бирок портфолио түзүүнү ашыкча жүк деп эсептеген мугалимдер да бар. Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Ч.Айтматов атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Айкерим Самарованын пикиринде, портфолио даярдоо мугалимге кошумча убакыт талап кылат.

— Мугалим ансыз деле өз билимин өркүндөтүү, өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча ар кандай темалар менен иштеп, үч жыл сайын жаңы темаларды изилдеп, долбоорлорду даярдайт. Портфолиону дагы кооздоп, атайын талаптар менен даярдоо ашыкча талап болуп жатат деп ойлойм. Портфолио мугалимдин жеке өзү үчүн керектүү документ. Ага жетишкендиктерин жана сыйлыктарын топтосо жетиштүү. Бирок кээде аны даярдоого ашыкча убакыт жана ресурстар сарпталат, — дейт ал.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер