PISAга ДАЯРДЫК

  • 22.11.2024
  • 0

Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 2024-жылдын 4-5-6-9- ноябрда «PISAга компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын математикалык сабаттуулугун жогорулатуу» деген темада тренер Бапа кызы Айнура Жети-Өгүз районунун математика  мугалимдеринин билимин жогорулатууга 72 сааттык курсун өттү.

PISAга ДАЯРДЫК

PISAга ДАЯРДЫК

Маалыматка ылайык,  Сингапур методунун ичинен Д.Пойанын ыкмасы боюнча маселелерди чыгаруунун этаптарын, 5-Е усулун, математикалык оозеки ыкма, КГА методдорун  сабактарда колдонуу үчүн мугалимдер билимдерин жогорулатышты.

PISAга ДАЯРДЫК

PISAга ДАЯРДЫК

Бул окуунун максаты — мектептерде окуучуларды окутууда Сингапур методун колдонуп  PISAнын математикалык бөлүгүн тапшыруу үчүн компетенттүү калыптандыруу аркылуу  окуучулардын математикалык сабаттуулугун жогорулатуу жана мугалимдерди каскаддык модель боюнча окутуу.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер