PISA-2025: ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕКТИ БИРГЕ КУРАЛЫ!
- 05.12.2024
- 0
Эмки жылкы PISA-2025 эл аралык сынагына карата даярдык иштерине кыргызстандык ата-энелер да өз салымдарын кошо алышат. Мындан ары Фейсбуктагы pisa.kg атайын баракчасында ата-энелердин кеңири катышуусунда флешмоб өтүп турмакчы.
Флешмоб өткөрүүнүн демилгечиси, белгилүү журналист, «Кут Билим» медиа борборунун директору Кубат Чекиров тоолуу өлкөбүздүн баардык ата-энелерине төмөнкүдөй кайрылуу жасады:
«Кымбаттуу ата-энелер!
2025-жылы биздин балдарыбыз эң маанилүү болгон эл аралык изилдөө программасына катышат. Алар окуу, математика жана табигый багыттагы предметтерден тесттик тапшырмаларды аткарышат. Андан ийгиликтүү өтүш үчүн биз, ата-энелер, балдарга жардам беришибиз керек. PISA.kg деген атайын ресурстан балдардын күнүгө эң кеминде жарым сааттан машыгуусуна шарт түзүп бергенибиз жакшы.
PISA — бул жөн гана сынак эмес, бул балдардын чоң жашоого болгон даярдыгын көрсөтөт.
Бул келечектүү чоң мүмкүнчүлүктөр!
Ошондуктан баарыбыз балдарыбызга жардам берип, эл аралык сынактан алардын ийгиликтүү жана татыктуу өтүшүнө жардам берели.
PISA-2025 менен келечекти бирге куралы!»
Редакциядан: Ошентип, өлкө аймагында кызыктуу жана керектүү флешмоб башталды. Четте турмай жок!
Маалымат үчүн: PISA – билим берүү жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (Program for International Student Assessment), анда билим берүү мекемелериндеги 15 жаштагы окуучулардын билимин жана көндүмдөрүн баалайт. Кыргызстан буга чейин бул эл аралык программага эки жолу (2006, 2009) катышып, экөөндө тең эң акыркы орунда калган. 2006-жылы изилдөөгө өлкөдөгү 201 билим берүү мекемесинен 15 жаштагы 5904 окуучу, 2009-жылы 173 билим берүү уюмунан 4986 окуучу катышкан.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер