PISA-2025: НЕГИЗГИ ИЗИЛДӨӨГӨ КАТЫШУУЧУ МЕКТЕПТЕР ДАЙЫН

  • 21.01.2025
  • 0

Өлкөбүздө үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 10-майына чейин эл аралык PISA-2025 сынагынын негизги изилдөөсү жүрмөкчү.

PISA-2025: НЕГИЗГИ ИЗИЛДӨӨГӨ КАТЫШУУЧУ МЕКТЕПТЕР ДАЙЫН

Билим берүү жана илим министрлигинен алынган маалыматка караганда, негизги тестирлөөгө өлкө боюнча 200гө жакын билим берүү мекемеси тандалып алынды. Бул тарыхый маанидеги жооптуу ишке тартылган мекеме-уюмдардын арасында Бишкектин Ак-Өргө конушундагы №77 мектеби, профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп -лицейи, «Сейтек-Стем», «Наима» менчик мектептери, Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы облустук зээндүү балдар жатак мектеп-лицейи, Баткен облусунан А.Масалиев, Жалал-Абад облусунан №17 Матен Сыдыков, Таластын Манас районунан И.Отунбаев, Нарындын Жумгал районунан Ш.Садыбакасов, Ысык-Көлдүн Түп районунан №7 В.Кайкин, Чүй облусунан Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүүчү орто мектептери бар.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер