ПЕДАГОГИКАЛЫК, ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖ “НУР”

  • 13.05.2024
  • 0

Педагогикалык, экономикалык жана техникалык колледж “Нур” – Жалал-Абад шаарында жайгашкан, Кыргыз Респуликасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн орто кесиптик билим берүүчү мекеме. Эл арасында кыскача “Нур” колледжи” деген аталышка ээ болгондуктан, мындан ары ушул аталышы колдонулат.

“Нур” колледжи 2011-жылы түзүлүп, ошол убакыттан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Менчик түрү – жеке менчик. Колледж 2013-жылдан баштап бүтүрүүчүлөрдү чыгарып баштаган, жана бүгүнкү күнгө карата окууну ийгиликтүү аяктаган 1600дөн ашык студентке диплом берген. Азыркы мезгилде колледждин бүтүрүүчүлөрүнүн алдыңкылары орто деңгэлдеги жетекчилик кызматтарга жетишкен, 50%дан ашык бүтүрүүчүлөр окуусун жогорку окуу жайларда улантышкан же азыр окуп жатышат.

Учурда “Нур” колледжи 600 студентти окутууга бардык шарттары бар материалдык-техникалык жана окуу-усулдук базага ээ, жана билим берүүнү ишке ашыруучу квалификациясы жогорку педагогикалык-окутуучу персоналы бар. Колледждин бардык окуу кабинеттери, аудиториялары жана кааналары интернетке туташкан, имараттын бардык аянтында акысыз вай-фай иштейт. Сабактар интерактивдүү доскалар, компьютерлердин жардамы менен өтүлөт.

ПЕДАГОГИКАЛЫК, ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖ “НУР”

“Нур” колледжинде формалдуу билим берүүнүн күндүзгү жана сырттан окуу формалары колдонулат. Ошондой эле, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧА), жашоо-тиричиликтин жана турмуштун оор кырдаалында (ТОК) турган адамдардын билим алууга болгон укуктарын камсыздоо максатында, колледжде инклюзивдик билим берүү уюшулган. Инклюзивдик билим берүүдө үй-бүлөлүк билим берүү формасы жана окутуунун гибриддик методдору кеңири колдонулат.

Колледжде формалдуу билим берүү төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

  • 050303 Чет тили (башталгыч класстын чет тили мугалими);
  • 050704 Мектепке чейинки билим берүү (мектеп жашына чейинки балдардын тарбиячысы);
  • 050709 Башталгыч класстарда окутуу (башталгыч класстын мугалими);
  • 080106 Финансы (тармактар боюнча) (финансист);
  • 220206 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча).

“Нур”колледжи өз студенттерине формалдуу билим берүүнү гана жүргүзбөстөн, формалдуу эмес билим берүүнү да уюштурган. Мисалы, кыздар үчүн кыска мөөнөтүү тигүү-бычуу курсу, информатика, кыргыз, кытай, англис жана орус тилдери боюнча курстар студенттер үчүн акысыз же минималдуу акы төлөмү менен иштейт. Билим берүүнүн бул түрүн ишке ашыруу аркылуу колледж өз студенттерин ар багыттуу билим алуусуна, замандын талабы болгон ар тараптуу өнүккөн кесипкөй адис болуп даярдалуусуна өбөлгө түзөт.

“Нур”колледжи 2024-жылдын апрель айында “Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча көз карандысыз агенттик (AAEPO)” тарабынан көз карандысыз институционалдык жана программалык аккредитациялардан өткөрүлүп, 5 жылдык мөөнөткө аккредитацияланды. Бул жагдайды колледж өз ишмердүүлүгүнө коомчулук тарабынан берилген баа катары эсептейт.

“Нур” колледжи өзүнүн кыскача тарыхы жана учурдагы абалы менен окурмандарды тааныштыруудан тышкары, келечекке койгон максаттары менен да бөлүшүп кетүүнү туура деп эсептейт.

Колледж өткөн чактагы өз өнүгүүсү боюнча пландарын жана стратегиясын анализдөө аркылуу, 2024-жылдын январь айынан баштап аларга коррекцияларды киргизүүнү туура тапты. Мисалы, өз миссиясын «Коомдун талаптарын жана илимдин жетишкендиктерин эске алуу менен, орто кесиптик деңгээлдин адистерин сапаттуу даярдоо» деп аныктады, өздүк көрүүсүн «Академиялык бедели жогору окуу жай» деп позициялаштырат. Андан тышкары, 2024-2028-окуу жылдарына карата өнүгүүнүн стратегиялык планын иштеп чыкты. Кыргыздын “Жакшы тилек — жарым ырыскы” деген макалын синонимдештирүү менен, “Туура коюлган максат – ийгиликтин жарымы” деген ишеничте болуп, колледж өз келечегине ишеничтүү көз карашта!

Учурда колледж 2024-2025-окуу жылына окууга кабыл алуу кампаниясын жүргүзүп жатат. “Нур” колледжи заман талабына ылайык кесиптин ээси болууну, татыктуу билим алууну каалаган абитуриенттерди окууга чакырат!

Окуу үчүн “Нур” колледжин тандооңузга беш себеп:

  • Ыңгайлуу окуу кабинеттер жана аудиториялар!
  • Заманбап окуу-техникалык каражаттары: компьютерлер, интерактивдик доскалар, проекторлор, бардык кааналарда интернет, жана колледждин бардык аянтында акысыз вай-фай!
  • Окуу траекториясын түзүүдө, колледжде окутулуучу сабактар студенттердин тандоосу менен коюлат!
  • Окуу учурундагы студент-окутуучу ортосундагы мамилелер насаатчылыкка, теңдикке негизделип, “Колледж үчүн ар бир студент – индивидуалдуу инсан!” урааны баш орунда!
  • Окууну ийгиликтүү аяктаган студентке мамлекеттик диплом берилет!

Окуу мөөнөтү 9-классты бүткөн абитуриенттерге 2 жыл 10 айды, 11-классты бүткөн абитуриенттерге 1 жыл 10 айды түзөт.

Байланыш тел.:

0 (3722) 5-55-62

0 (777) 888-303

0 (707) 900-611

Дареги: Жалал-Абад шаары, Б. Эркинбаев (мурдагы Чехов) көчөсү, 15.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер