ПЕДАГОГДОРДУН БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ САММИТИ
- 14.08.2024
- 0
Мугалимдердин Август кеңешмеси быйыл эл аралык деңгээлде Ысык-Көлдө өтөт.
“Билим берүү жана илим диалогу: Кыргызстан — Казакстан. Кыргызстан — Сингапур. Кыргызстан — Россия” билим берүү жана илим саммити алты күнгө созулат. Анын алкагындагы иш-чаралар 15-августта “Мектепке чейинки билим берүү кызматын каржылоонун пилоттук долбоору жана мектепке чейинки билим берүү системасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” темасында тегерек стол менен башталат.
Анда бала бакчаларды ваучердик каржылоо механизмин киргизүү боюнча Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрү алдыңкы тажрыйбаларды талкуулашат.
Каржылоонун жана өнөктөштүктүн ар кандай моделдеринин күчтүү жана алсыз жактары аныкталып, аларды өз өлкөлөрүнүн шарттарында адаптациялоо жана ишке ашыруу боюнча сунуштар иштелип чыгат.
Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»
Комментарийлер