ПЕДАГОГДОРДУН АЛТЫН УЯСЫ РЕМОНТТОЛОТ
- 21.01.2021
- 0
2021-жылдын 19-январында И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин администрациясынын бир нече ирет кайрылуусунан кийин, Ысык-Көл облусундагы КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жантаев Э.Н. жана анын орун басарлары, Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Жумаев Э. окуу жайдын имараттарынын абалы менен таанышып чыгышты.
- Алар мамлекеттик маанидеги тарыхый архитектуралык имарат болуп эсептелинген окуу корпусун көрүп чыгышып, реставрациялык-ремонттук иштерди жүргүзүүгө акча каражатын бөлүп берүүгө убадаларын беришти. Мындан сырткары, колледждин кызматкерлери жана жалпы педагогикалык жамааты менен жолугушуп, суроолорго жооп беришти. Алдыга коюлган жакшы ниеттер, ой-тилектер жана максаттар менен жолугушуу жыйынтыкталды, — дейт директор Саламат Молдосанов.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер