ПЕДАГОГДОР МЕЗГИЛ ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК ДАЯРДАЛУУГА ТИЙИШ

  • 07.06.2023
  • 0

КУУнун алдындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун негиздөөчүсү Искендер Исамидиновдун жаркын элесине арналган «Педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасынын актуалдуу маселелери» аттуу V эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

ПЕДАГОГДОР МЕЗГИЛ ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК ДАЯРДАЛУУГА ТИЙИШ

Педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасынын актуалдуу маселелерин талкуулоо жана мугалимдердин билимин өнүктүрүү боюнча пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн кесиптик аянтча болуп саналган конференцияга жалпы үч мамлекеттин, КРнын 12 жогорку окуу жайынын окутуучулары,  үч ЖОББ мектебинин мугалимдери катышты.

ӨЗГӨРҮҮ МУГАЛИМДЕН БАШТАЛАТ

Кыргыз Билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, п.и.д., профессор Сулайман Рысбаев «Азыркы мугалим кыргыз коомуна кантип таасир этет” деген баяндамасында, коомду өзгөртүү үчүн адегенде мугалим өзү өзгөрүшү керектигин, мугалим кандай болсо, улуттун келечеги, окуучу, коом да ошондой болорун баса белгиледи.

  • Билим, тарбия менен баланы өзгөрт, баланы өзгөртө алсаң, ал коомду өзгөртөт деп билим берүү философиясында айтылган. Бирок ал үчүн оболу мугалим өзү өзгөрүшү абзел. Заман өзгөрүп, башкача адамдарды күтүп турган күнгө келдик. Кыргыз коому башкача бир багытка келатканда, анын башатында мугалим тургандай көрүнөт. Бирок сабак деген эмне? дегенге токтолгум келип турат. Кечээкинин сабагында бүгүнкү баланы өзгөрт, кечээкинин үлгүсүндө бүгүнкү баланы адам кыл деп айтылат. Адамзат жаралгандан берки бардык илим-билим, тарбия-таалим баалуулуктарынын үлгүсүндө, ошонун сабагында баланы өзгөрт, билим бер дейт.  Болбосо грамматикадагы  же химиядагы бир тема адамды адам кылабы? Мисалы, билим берүүдөгү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү мамилеси тууралуу айтсам, Америкада “окуйсуңбу, ал сенин проблемаң, окубайсыңбы, демек ал дагы сенин көйгөйүң” дейт. Финляндияда окугусу келсе окутат, окугусу келбесе “ал сенин маселең” деп жөн коёт. А биздин советтик системада кааласаң, каалабасаң дагы окутам дейбиз. “Көзүңдү чукуп окутам” десек эле окуп жаткан жок. Ошондой кезде кантип балага билим беребиз? Мисалы, Японияда бир класста 65 бала отурат. Бала окуйм, билим алам деген максат менен келет. Себеби үйдөгү ата-эне да “балам билим алышы керек. Келечекте Японияны башкарат” деп шыктандырып жиберет. Дүйнөдө билим берүү технологиясы эскирди. Азыр билим алуу деген нерсеге келдик. Ал үчүн кыргыз коому өзгөрүшү керек. Коомду мугалим өзгөртө алат,  — деди Сулайман Рысбаев.

 

САНАРИПТИК ДАЯРДЫК – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Педагогика илимдеринн доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын «Кесиптик билим берүүнүн проблемалары» борборунун директору, педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча мыкты адис Кыргызбай Добаев «Санариптешүү шартында кесипкөй педагогдорду даярдоо» аталашындагы баяндамасында, азыркы  Z муунга салттуу билим берүү системасында билим алуу кызыксыз экендигин билдирди. Кыргызбай Добаевдин айтымында, Z муунга азыркы билим берүү системасындагы салттуу окутуу ыкмалары туура келбейт. Пандемия убагында мугалимдер онлайн форматтагы окутууга даяр эместиги байкалды. Мугалимдердин моралдык жана санариптик жактан даярсыздыгы – окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүккө алып келди. Ошондуктан мугалимдерди санариптик жактан даярдоо – мезгили талабы.

  • Бүгүнкү күндөгү билим берүү системасы жакшы абалда деп айткандан алысмын. 90 пайыз окуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзсөк, аларга биздин азыркы заманбап мектеп кызык эмес. Эмнеге кызыктуу эмес? Себеби бул Z муун.  Биз учурда башка мезгилде жашайбыз. Бирок эмнегедир биздин билим берүү системасы өзгөрүүсүз калууда. Каалайбызбы, каалабайбызбы реалдуулукту эстен чыгарбашыбыз керек. Дүйнө глобалдашты. Эл аралык бакалавриат же глобалдык окууга өтүү тууралу айтканыбыз жакшы жашоодон эмес. Азыр көптөгөн университеттер жана өлкөлөр профессордук-окутуучу кадрларды даярдоодо эл аралык бакалавриатка өтүп жатышат. Бул  — билим алуу үчүн ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган эксперттик топ тарабынан иштелип чыккан 21-кылымга ылайыктуу талаптар, керектүү көндүмдөр.  Албетте, биз компетенттүүлүккө негизделген ыкмага көп убакыт мурун өткөнбүз, бирок бул сөз жүзүндө гана. Анткени, билим берүү процессин уюштуруу системабызда компетенцияларды калыптандыруу мүмкүн эмес. Бүткүл дүйнөдө ар кандай деңгээлдеги адистерди даярдоодо модулдук технологияга негизделген. Биздин бир бутубуз советтик системада болсо, экинчи бутубуз баллондук системада. Учурда биз бүтүрүп жаткан мугалимдер жана мугалимдерди даярдоонун форматы өзгөрдү. Мугалимдер биринчи кезекте мотиватор, инноватор, коммуникатор болуп саналат, мугалимдин ролу өзгөрүүдө. Биз муну түшүнүшүбүз керек. Эгерде азыр мугалимдин ролун өзгөртпөсөк, ошол форматта адистерди даярдабасак, анда биз жөн эле билим берүү системабызды, жаштарыбызды кыйратып алабыз, — деди Кыргызбай Добаев.

 

Ошондой эле, Казакстандын М.Х. Дулати атындагы  Тараз регионалдык университетинин Педагогика кафедрасынын башчысы,  п.и.к., профессор Клара Бузаубакова “Казакстандын жаңы реалдуулугунда дистанттык окутууда келечектги мугалимдердин санариптик конпетенцияларын калыптандыруунун артыкчылыктуу багыттары” аттуу макаласында Казакстан Республикасындагы дистанттык билим берүү шарттарында болочок мугалимдердин санариптик компетенцияларын калыптандыруунун мазмуну, өзгөчөлүктөрү жана жолдоруна токтолду. Келечектеги мугалимдин дистанттык окутуу шартында санариптик компетенцияларын калыптандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштеринин артыкчылыктуу багыттары: вебинардын, онлайн курстун, онлайн сынактын маңызы жана мазмунун белгиледи.

Конференциянын  экинчи бөлүмүндө алты секциялык иш алып барылып, ар бир секцияда катышуучулар теманын алкагында кызыктуу баяндамаларды окушту, кызуу талкуу жүрдү.  Конференция жалпы пленардык жыйындарда, секциялык бөлүмдөрдө аныкталган маселелерди талкуулоо үчүн тегерек стол менен жыйынтыкталды.

 

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер