ПАРИЖДЕ КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

  • 25.07.2024
  • 0

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

26-июлда Парижде башталган жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт.  Быйыл алардын даярдыгы жакшы. Ошондуктан оюндардан ийгиликтер, жеңиштер менен кайтууну максат кылууда.  Курама команданы олимпиадага узатып, команданын капитаны Акжол Махмудовго өлкөбүздүн туусун тапшырып жатып, Президентибиз Садыр Жапаров үмүт, ишенимди актап, минимум 5 алтын медаль утуп келүүсүн тилек кылды. Өлкө жетекчиси өзү дагы олимпиаданын ачылыш аземине катышканы Парижге барды.

 Париждеги оюндарга Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 16 спортчу катышат. Алар: грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү, жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо боюнча мелдештерде мөрөй талашат.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Жоламан Шаршенбеков

Грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Кыргызстандын намысын Жоламан Шаршенбеков коргойт. Ал 1999-жылы 29-сентябрда Манас районунун Баласаруу айылында туулган. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Токио олимпиадасынын катышуучусу табында турган Жоламан Парижде алтын медалга талапкер болуп, жылдызы жанышы мүмкүн. Ал учурда дүйнөлүк рейтинг боюнча биринчи орунда турат.

 

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Амантур Исмаилов

Грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта олимпиадага жолдомо алган Амантур Исмаилов  1997-жылы 27-декабрда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Төрт бир туугандын экинчиси. Эл аралык  спорт чебери. Дүйнө чемпионатынын, Азия чемпионатынын жана Азия оюндарынын коло медалдарын тагынган. Эл аралык турнирлердин көп жолку жеңүүчүсү Амантур дагы байгелүү орундар үчүн аракет кылмакчы.

 

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Акула атыккан Акжол Махмудов

Грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов  1999-жылы Ош облусунун Араван районунда туулган. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Азия оюндарынын алтын, күмүш медалын уткан. “Акула” деген каймана ат менен таанылган Акжол Парижде алтын мелдаль үчүн башкы талапкердин бири. “Олимпиада чемпиону болсом” деген тилек менен жакшы даярдыкта барды.

 

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Үзүр Жусупбеков

Парижде грек-рим күрөшүнөн 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков күч сынашат. Ал 1996-жылы 12-апрелде Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында туулган. Беш бир туугандын улуусу. Эл аралык спорт чебери,  Азия чемпиону. Азия чемпионаттанынын жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.  Токио олимпиадасынын катышып, олимпиадалык таймашууларды баштан өткөргөн. Үзүр бул ирет дагы Парижде багын сынап көрөт.

 

 

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Бекзат Алмаз уулу

Эркин күрөш боюнча  57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу өлкө намысын коргойт.  Ал 2000-жылы 3-декабрда Айтматов районунун Аманбаев айылында туулган. 2022-жылы Кыргызстанды эл аралык аренада тааныта баштаган. 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү. 2023-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталган. Жаш балбан үчүн Париж олимпиадасы такшалуунун, өзүн сынап көрүүнүн мектеби болмокчу.

 

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Эрназар Акматалиев

Эркин күрөштөн дүйнөлүк адистердин көңүлүн бурган Эрназар Акматалиев экинчи ирет олимпиадага катышканы турат. Ал 65 кг салмакта күч сынашат. Эрназар 1998-жылы 2-июлда Нарын районун Орто-Нура айылында туулган. 2021-жылы Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси. 2022-жылы Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Ошол эле жылы Монголияда өткөн Азия чемпионатында финалга чейин жетип, калыстардын айынан күмүш байгелүү болгон.  Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Эрназар дагы алтын медалга талапкер болушу ыктымал.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Айаал Лазарев

Эркин күрөштөн  оор салмактагы Айаал Лазарев 1986-жылы 19-мартта Якутияда төрөлгөн. Бул ирет үчүнчү жолу олимпиадага катышат. Ал  мурда эки олимпиада оюндарынын барып, байгелүү орундарга илинбей калган (Рио — 2016, Токио — 2020). Азиянын чемпиону, Азия чемпионатынын коло медалынын ээси. Эл аралык турнирлерде көп жолку жеңишке жетишкен тажрыйбалуу балбан.    Париж олимпиадасы Айаал үчүн бул акыркы мүмкүнчүлүк болуп калышы ыктымал. Жакшы ийгилик жаратсам, спорттон кетсем деп тилек кылып жүрөт. Ийгилик, жеңиш каалайлы.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова

Кыргыз спортунун сыймыгы болгон Айсулуу Тыныбекова дагы төртүнчү ирет олимпиадага катышканы турат.  Ал 1993-жылы 4-майда Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Чоңоюп, өскөн жери Кочкор районундагы Теңдик айылы. Айсулуу дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси. Эгемен Кыргызстандын тарыхында спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу. Париж олимпиадасында  62 кг салмакта баш байге утсам деген тилекте даярдык көрүүдө.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Айпери Медет кызы

Кыз-келиндер эркин күрөшүнөн Айпери Медет кызы дүйнөлүк аренада таанылган балбан кыз. Ал 1999-жылы 30-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Дүйнө кубогунун, дүйнө чемпионаттарынын, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү жана Азия оюндарынын медаль ээси. Жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпиону. Эл аралык турнирлерде көп жолку жеңишке жетишкен тажрыйбалуу балбан. Ал  Токио олимпиадасына да катышып, тажрыйба топтогон. Айпери Парижде 76 кг салмакта күч сынашып, байгелүү орунга илинип калышы ажеп эмес.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан кыздардын бири Мээрим Жуманазарова 1999-жылы 9-ноябрда  Талас обулусунун Бакай-Ата районунун Оро айылында спорт ишмеринин үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Дүйнө чемпиону, дүйнө кубогунун ээси. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын коло медалын уткан, Азиянын чемпиону жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү.Эл аралык турнирлерде көп жолку жеңишке жетишкен тажрыйбалуу балбан кыз болуп, адистердин көңүлүн буруп келет.  Алгачкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров Мээримдин атасы. Табында турган Мээрим 68 кг салмакта баш байге үчүн мөрөй талашмакчы.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Денис Петрашов

Сууда сүзүүдөн Денис Петрашов  Эл аралык турнирлерде көп жолку жеңишке жетишкен тажрыйбалуу балбан. Ал  Токио олимпиадасына да катышып, Париж олимпиадасында өнөрүн көрсөтөт. Ал 2000-жылы 1-февралда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.  Рио-де-Жанейро жана Токио  олимпиадаларына катышкан.  2022-жылы Түркияда өткөн   Ислам тилектештик оюндарында 1 алтын, 2 коло медаль жеңип алган. Денис Азия чемпиону аталып, эл аралык турнирлерде байгелүү орундарга ээ болгону менен олимпиадада байгелүү орунга жетүүсү кыйын. Себеби атаандаштары күчтүү.  Үчүнчү олимпиадасында Денис байгелүү орунга илинсе, тарых жараткан болот эле.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?

Сардана Трофимова

Жердиги орусиялык жөө күлүк Сардана Трофимова 1988-жылы 28-мартта Якутияда төрөлгөн. Эл аралык  спорт чебери, марафон боюнча Орусиянын беш жолку чемпиону, Россия Кубогунун жана Москва марафонунун үч жолку жеңүүчүсү. 2022-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында марафондук жарышта коло медаль утуп, жарым марафон боюнча Азия чемпиону аталган. Ал 2022-жылдын май айында Кыргызстандын жарандыгын алып, өлкө намысын коргоп келатат. Парижде марафондук жарышка катышат. Бирок, байгелүү орунга жетүүсү күмөн. Ошондой болсо дагы үмүт кылып, сүрөөнгө алып туралы.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?Мунарбек Сейитбек уулу

Париж олимпиадасына бокстан жолдомо алган Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы 1-январда Ош шаарында туулган.  2023-жылы Ташкентте өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы чоңдор арасында байге уткан алгачкы мушкер.  Азия чемпионатында, студенттер аралык дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болгон. Эл аралык спорт чебери Мунарбек Парижде  коло байгеге талапкер болушу да ыктымал.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?Эрлан Шеров

Эрлан Шеров Париж олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргыз туусун көтөрүп чыгат. Ал 1998-жылы 19-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн.  2024-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болуп, Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу дзюдо боюнча байгелүү орунга жеткен. 2022-жылы жайкы Азия оюндарынын чемпиону, бир нече жолу Азия чемпионатында жана башка эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон. Эрлан Парижде 90 кг салмактагы атаандаштары менен мөрөй талашат. Жапон, француз, америкалык, кубалык балбандарга каршы туруп, байгелүү орундар үчүн аракети үзүр береби? Аны алдыдагы мелдештер көрсөтөт.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?Кубанычбек Айбек уулу

Олимпиадага  Азиялык квота менен жолдомо алган Кубанычбек Айбек уулу 2000-жылы 28-октябрда төрөлгөн. Кыргыз  спорт чебери. 2016-жылы Якутияда өткөн “Азия балдары” мелдешинде чемпион аталган. 2017-жылы Ливанда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын байгенин ээси. Кубанычбек Парижде татамиге 66 кг салмакта чыгып, тажрыйбалуу балбандарга каршы турмакчы. Жаш балбан үчүн бул олимпиада тажрыйба топтоонун мектеби болуп, сабак алып келмекчи. Бирок, 2000-жылы Сиднейдеги олимпиадада  эгемен Кыргызстанга алгачкы коло байге утуп берген казакстандык  дзюдочу  Айдың Смагуловдой болуп, күтүлбөгөн ийгилик жаратышы да мүмкүн.

ПАРИЖДЕ  КИМДЕР БАЙГЕ АЛЫШЫ МҮМКҮН?Елизавета Печерских

Париждеги сууда сүзүү мелдешине Елизавета Печерских (мурдагы фамилиясы Рогожникова)  катышат. Ал 2004-жылы  Бишкек шаарында туулган. 2019-жылы Индиядагы Азия чемпионатында 2 күмүш жана 3 коло медаль уткан. Бул ирет анын атаандаштары күчтүү. Кыргызстандын рекорддун Парижде жаңыртып, ошого каниет кылышы мүмкүн.

 

Олимпиадага жолдомо алган көпчүлүк спортчулар акыркы эки жылда дүйнөлүк, Азиялык жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөткөндүктөн, Кыргызстанда спорт күйөрмандары да Парижден спортчулар алтын медалдар жана байгелүү орундар менен кайтат деп үмүт, ишеним артып турушат.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер