ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО ҮЧҮН СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ

  • 10.05.2024
  • 0

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО ҮЧҮН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ9-майдан бери Түркиянын Стамбул шаарында спорттук күрөш боюнча  Париж Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган Дүйнөлүк лицензиялык турнир курч мүнөздө өтүп, айыгышкан таймашуулар болууда.

Үзүрдөн үмүт үзбөйлү

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча күч сынашуулар өтүп, килем үстүнө кыргызстандык балбандар Азат Салидинов (87 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Роман Ким (130) чыгып, өлкө намысын коргоду.

Азат Салидинов 1/16 финалдагы биринчи беттешинде молдовалык Михаил Брадуга жеңилди. Браду да кийинки беттешинде жеңилүү ызасын тартып калгандыктан, Азат Олимпиаданын жолдомосу үчүн беттешти улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, четтеп калды.

Токио олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков 1/16 финалда болгариялык Калоян Ивановду жеңип, бирок экинчи кармашында финляндиялык Арви Саволайненден жеңилүү ызасын тартып калды. Ошондой эле  Роман Ким да 1/8 финалда азербайжандык Сабах Шариатиге утулуп калды.

Бирок Жусупбеков менен Кимди уткан балбандар финалга чыккандыктан, аталган эки спортчу көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алышкан эле.  Башкача айтканда алар Олимпидага жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек болчу.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО ҮЧҮН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ10-майда Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште хорватиялык Филип Сметко менен күч сынашып, аны артыкчылык менен 12:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн таймашууга жолун ачты. Эми Үзүр коло медаль үчүн жапониялык Юри Наказатону утса, Европа чемпионатынын коло байге ээси украиналык Владлен Козлюк жана германиялык Лукас Лазогианистын экөөнүн жеңүүчүсү менен күч сынашат. Бирок экөө тең оңой жоо эмес. Ошентсе дагы үмүт үзбөй туралы.  Балким жылдызы жанып, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алаар.

Ал эми оор салмакта Роман Ким грекиялык Николаос Нтоуниас менен күрөшүп, утулуп калып, жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап арманда калды.

Стамбулдагы мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан бири-бири менен беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Грек-рим күрөшүндө 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков 60 кг, Акжол Махмудов 77 кг жана Амантур Исмаилов 67 кг салмактарда Олимпиадага жолдомо утуп алышкан.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш Олимпиадага жолдомо ойнотулган соңку турнир болуп саналат. Бул мелдеште балбандарга Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алууга акыркы мүмкүнчүлүк берилүүдө.

Сезим менен Арууке дагы олимпиадага барууну самап турушат

 10- майда Стамбулдагы Олимпиада оюндарына жолдомо берген Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште кыз-келиндер күч сынашып жатышат. Мында Кыргызстандын намысын эки балбан кыз: Арууке Кадырбек кызы менен Сезим Жумназарова коргоп жатышат.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО ҮЧҮН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ

53 кг салмакта Арууке Кадырбек кызы 1/8 финалда Мариана Драгутанга (Молдова) утулуп калды. Бирок молдовалык кыз финалга чыкса, Арууке жооткотуучу беттешүүгө чыгышы ыктымал. Анда атаандашын жеңип алса, коло байге үчүн күрөшүп утуп чыкса, жолдомо алуу үчүн дагы беттеш өткөрөт.

Балбан кыз Сезим Жуманазарова 57 кг салмакта күч сынашууда. Жуманазарова таймашты 1/16 финалдан баштап, биринчи беттешинде  норвегиялык атаандашы Аннетт Хойе килемге чыкпагандыктан, ал 1/8 финалга өткөн эле.

1/8 финалда Жуманазарова намибиялык Эстер Абрахам Кавелишимве  менен күч сынашып, аны 26 секунд ичинде 10:0 эсебинде жеңип алды.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО ҮЧҮН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШБирок Сезим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо берген Дүйнөлүк лицензиялык мелдештин чейрек финалында Джуллия Оливейрадан (Бразилия) жеңилүү ызасын тартып калды. Эми бразилиялык атаандашы финалга чыкса  Сезимдин жооткотуучу беттешүүгө жолу ачылат.  Анда атаандашын жеңип алса, коло байге үчүн күрөшүп утуп чыкса, Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн дагы беттеш өткөрөт.

Белгилей кетсек, Сезим Жуманазарова — Кыргызстандын атактуу балбан кыздарынын бири, дүйнө чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси  Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдиси.

Кыз-келиндер күрөшүндө 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 62 кг, Айпери Медет кызы 76 кг жана Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта жолдомо алган.

Эркин күрөштөн дагы жолдомо алууга болобу?

11-майда эркин күрөш боюнча Олимпиадалык жолдомо үчүн таймашуулар башталат. Мында Кыргызстандын намысын 4 балбан коргоп, багын сынап көрүшөт. Алар: 74 кг салмакта Орозбек Токтомамбетов, 86 кг салмакта Атай Изабеков, 97 кг салмакта Андрей Аронов жана 125 кг оор салмакта Айаал Лазарев килем үстүндө намыс талашат.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО ҮЧҮН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО ҮЧҮН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО ҮЧҮН   СТАМБУЛДАГЫ МЕЛДЕШ

Жакында эле Бишкекте Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык  турниринде эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу жана 65 кг салмакта Эрназар Акматалиев атаандаштарын жеңип, Париж Олимпиадасына жолдомо алышкан.

Учурда Париж Олимпиада оюндарына Кыргызстандын спортчуларынын 9 жолдомосу бар.

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер