ПАРИЖ-2024: МЭЭРИМ МЕНЕН ЖОЛАМАН ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ
- 05.08.2024
- 0
Учурда Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 5-августта кулак сүйүнтүп, жүрөк толкуткан жаңылыктар болду. Бул күнү Кыргызстандын намысын коргогон балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова жана намысты туу кылган жигитибиз Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыкты.
Мээрим кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта 1\8 финалда алгачкы атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Монгол балбан кызы 2020-жылы Нью-Делиде (Индия) Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон. 2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпионатынын финалында Мээрим Жуманазаровага утулуп, күмүш медаль тагынып, ыза болуп калган жайы бар эле. Ал Парижде дагы Мээримден жеңилүү ызасын тартып калды.
Мээрим Жуманазарова чейрек финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азия чемпиону, Дүйнө жана Азия чемпионаттарынын байге ээси, жапониялык Ноноки Одзаки менен беттешип, атаандашын 8:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.
Жарым финалдык таймашуу бишкек убактысы боюнча 6-августка караган түнкү саат 1:00дө башталат. Финалга чыгуу үчүн Мээрим Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, нигериялык Блессинг Оборудуду менен күч сынашат.
Кыргызстанды дүйнөлүк аренада тааныткан балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова 25 жашта. Токио Олимпиадасынын коло медалынын ээси (2021). Кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону (2021), Азия оюндарында коло (2018) медалын жеңген. Эки ирет Азия чемпионатынын күмүш (2022), коло (2018, 2019) байгелерин уткан.
Бүгүн, 5-августтун түнү грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта кыргызстандык балбан, дүйнө эки жолку жана Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашы дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси, Азия чемпиону казак балбаны Айдос Султангалини 6:3 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.
Балбандар Олимпиада оюндарынын 1\8 финалында күч сынашты. Жоламан чейрек финалда атаандашы Европа чемпионатынын эки жолку коло байге ээси, румыниялык Арнаут Рэвзанды 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип, жарым финалга чыкты.
Эми кыргызстандык спорт күйөрмандардын үмүтүн жандырган илбирстей шамдагай Жоламан жарым финалда Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону жапониялык Кеничиро Фумита менен күч сынашат.
Ал эми 6-авгусста олимпиадалык күч сынашууларда грек-рим күрөшүнөн 77 кг. салмакта дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов жана 97 кг салмакта Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков багын сынап, килемге чыгышат.
7-августта грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмакта дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Амантур Исмаилов атаандаштарына каршы турат.
8-августта килем үстүндө эркин күрөш боюнча 57 кг салмактагы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Бекзат Алмаз уулу чыгып, намыс талашат.
9-августта Париж олимпиадасында алтын медаль утууга бел байлаган кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова атаандаштары менен күч сынашат. Ушул күнү эркин күрөштөн оор салмакта Азия чемпиону Айаал Лазарев да күрөшөт.
10-августта эркин күрөш боюнча 65 кг жана 76 кг салмактарда кыл чайнашкан таймашуулар болот. Бул күнү Кыргызстандын намысын дүйнө чемпионаттардын күмүш жана коло байге ээси Эрназар Акматалиев менен кыздар күрөшүндө дүйнө чемпионаттардын күмүш жана коло байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Айпери Медет кызы коргоп, байгелүү орундар үчүн күч сынашат.
Париждеги олимпиадалык таймашуулардын алгачкы күнү балбандар үчүн жеңиштерге жол баштаган Жоламан менен Мээримге ийгиликтерди, жеңиштерди каалап, сүрөөнгө алып, колдойлу!
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер