ПАРИЖ-2024:КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ОЛИМП МЕЛДЕШТЕРИНЕ КАЧАН ЧЫГАТ?

  • 26.07.2024
  • 0

ПАРИЖ-2024:КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ОЛИМП МЕЛДЕШТЕРИНЕ КАЧАН ЧЫГАТ?Кыргызстандык спортчулардын жайкы Олимпиададагы мелдештерге чыга турчу жадыбалы билип, сүрөөнгө алыңыз.  

Париж олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Олимпиаданын алкагындагы мелдештер 24-июлда башталат. Ал эми ачылыш аземи 26-июлга белгиленген. Кыргызстандык спортчулардан мелдешке суучул Денис Петрашов 27-июлда чыгып, таймашууларды баштап берет.

Быйыл спортчулардын даярдыгы жакшы. Ошондуктан оюндардан ийгиликтер, жеңиштер менен кайтууну максат кылууда.  Курама команданы олимпиадага узатып, команданын капитаны Акжол Махмудовго өлкөбүздүн туусун тапшырып жатып, Президентибиз Садыр Жапаров үмүт, ишенимди актап, минимум 5 алтын медаль утуп келүүсүн тилек кылды.

ПАРИЖ-2024:КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ОЛИМП МЕЛДЕШТЕРИНЕ КАЧАН ЧЫГАТ?Кыргызстандык спортчулардын жайкы Олимпиадада мелдештерге чыга турчу жадыбалы  төмөнкүдөй.  (Бишкек убактысы боюнча):

27-июль, Сууда сүзүү

Денис Петрашов, 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзөт

15:00 — жарыштын башталышы

01:15 — жарым финал.

28-июль, Дзюдо

Кубанычбек Айбек уулу — 66 килограммга чейин салмакта күрөшкө чыгат.

14:00 — 1/32 финал.

Бокс

Мунарбек Сейитбек уулу — 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашат.

15:00 — 1/16 финал.

31-июль, Дзюдо

Эрлан Шеров — 90 килограммга чейин салмакта таймашка чыгат.

14:00 — 1/32 финал.

3-август, Сууда сүзүү

Елизавета Печерских — 50 метрге эркин сүзүү мелдешине катышат.

15:00 — жарыштын башталышы

00:30 — жарым финал.

5-август, Спорттук күрөш

Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшүндө 60 килограммга чейинки салмакта намыс талашат.

Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер күрөшүндө  68 килограммга чейин салмакта күч сынашат.

19:00 — 1/8 финал (60 кг, 68 кг чейинкилер)

20:20 — 1/4 финал (60 кг, 68 кг чейинкилер)

01:00 — жарым финалдар (60 кг, 68 кг чейинкилер).

6-август, Спорттук күрөш

Акжол Махмудов — грек-рим күрөшүндө 77 килограммга чейинки салмакта өлкө намысын коргойт.

Үзүр Жузупбеков — грек-рим күрөшүндө 97 килограммга чейинки салмакта таймашууларга чыгат.

15:30 — 1/8 финал (77 кг, 97 кг чейинкилер)

16:50 — 1/4 финал (77 кг, 97 кг чейинкилер)

22:15 — жарым финал (77 кг, 97 кг чейинкилер).

7-август, Спорттук күрөш

Амантур Исмаилов — грек-рим күрөшүндө 67 килограммга чейинки салмакта мөрөй талашат.

15:30 — 1/8 финал (67 кг чейинкилер)

16:50 — 1/4 финал (67 кг чейинкилер)

22:15 — жарым финал (67 кг чейинкилер).

8-август, Спорттук күрөш

Бекзат Алмаз уулу —эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта күчүн сынайт.

15:30 — 1/8 финал (57 кг чейинкилер)

16:50 — 1/4 финал (57 кг чейинкилер)

22:15 — жарым финал (57 кг чейинкилер).

9-август, Спорттук күрөш

Айсулуу Тыныбекова — кыз-келиндер күрөшүндө  62 килограммга чейинки салмакта атаандаштары менен күрөшөт.

Айаал Лазарев — эркин күрөштөн 125 килограммга чейинки салмакта өнөрүн көрсөтөт.

15:30 — 1/8 финал (62 кг, 125 кг чейинкилер)

16:50 — 1/4 финал (62 кг, 125 кг чейинкилер)

22:15 — жарым финал (62 кг, 125 кг чейинкилер).

10-август, Спорттук күрөш

Эрназар Акматалиев — эркин күрөштөн 65 килограммга чейинки салмакта өлкө намысын коргойт.

Айпери Медет кызы — кыз-келиндер күрөшүндө   76 килограммга чейинки салмакта багын сынайт.

15:30 — 1/8 финал (65 кг, 76 кг чейинкилер)

16:50 — 1/4 финал (65 кг, 76 кг чейинкилер)

22:15 — жарым финал (65 кг, 76 кг чейинкилер).

11-август, Жеңил атлетика

Сардана Трофимова — 12:00 аялдар марафонуна катышат.

Спорттук күрөш

16:00 — финалдар ( 65 кг,  76 кг)

ОПАРИЖ-2024:КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ОЛИМП МЕЛДЕШТЕРИНЕ КАЧАН ЧЫГАТ?лимпиадага жолдомо алган көпчүлүк спортчулар акыркы эки жылда дүйнөлүк, Азиялык жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөткөндүктөн, Кыргызстанда спорт күйөрмандары да Парижден спортчулар алтын медаль менен кайтат деп үмүт артып турушат.

Ошондуктан спортчуларыбызга дем-күч берип сүрөөгө алып, колдоп туралы!

 

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер